Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:57

Ошто селден улам үйүнө кете албай калган балдар куткарылды


Селдин кесепетин жоюу иштери. Ош, Кара-Суу. 22-апрель, 2024-жыл.
Селдин кесепетин жоюу иштери. Ош, Кара-Суу. 22-апрель, 2024-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) маалымдагандай, 21-апрель күнү Кара-Суу районунун Папан айыл аймагындагы Папан суу сактагычына жакын жерде ойноп жүргөн 10 чакты бала селден улам өтө албай калышкан. Аларды Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары аман-эсен үйлөрүнө жеткизди.

21-апрелдеги нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинин Кара-Суу районунун, Ош шаарынын айрым аймактарында сел жүргөн. 22-апрелде анын кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Папан айыл аймагында Лаглан айылына баруучу ички жолду сел каптап, адамдар өтө албай калышкан. Трактор менен сел калдыктары тазаланып, жол ачылган.

Селдин кесепетин жоюу иштери. Ош, Кара-Суу. 22-апрель, 2024-жыл.
Селдин кесепетин жоюу иштери. Ош, Кара-Суу. 22-апрель, 2024-жыл.

Ош – Ноокат жолунун болжол менен 1-5-чакырымындагы сел калдыктарын №21-жол тейлөө ишканасынын техникалары тазалап, жолду ачышкан.

22-апрель күнү селдин кесепеттерин жоюу үчүн ӨКМдин Кара-Суу райондук башкармалыгынын 25 куткаруучусу атайын техникалар менен чогуу иштеп жатышат. Мындан тышкары Жарандык коргонуу кызматынан 20 куткаруучу, ыктыярчылар - жалпы 111 адам иштеп жатат.

20-21-апрелде нөшөр жаандан улам Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Кара-Суу райондорунда сел жүрүп, бир катар автоунаа жолдору жабылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги селде бир киши каза тапканы кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG