Көмүр экспортуна чектөө Сүлүктү шахталарын солгундатты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда көмүрдү чет жактарга экспорттоо боюнча күз-кыш айларында убактылуу чектөө киргизилип келет. Министрлер кабинети автожол аркылуу сыртка көмүр ташууга тыюу салууда. Быйыл көмүрдү сыртка ташууга чектөө күзгө чейин узартылып, көмүр казгандар четке сата албай калганын айтышууда.