12-апрелдин таңында Орусиянын Оренбург облусундагы Урал дарыясында суунун деңгээли 11,29 метрге чейин көтөрүлдү. Кечке маал мындан дагы жогорулап, анан тартылары күтүлүп жатат.
Оренбург облусунун администрациясынын маалыматында айтылгандай, 12 миңден ашуун үй, 15 миңден көп короо-жай суу алдында калууда. Төрт калктуу конушта электр жарыгы жок. Орск калаасындагы суу ташкынга себеп болуп жаткан дамбадагы тешик бүтөлдү. Буга чейин суунун басымы көтөрүлүп, бул ишти аткаруу мүмкүн болбой жаткан.
Суу тартылгандан кийин Орскинин көчөлөрүндө мал-жандыктын тарпы табылууда.
Жалпысынан Оренбург облусунун жабыркаган райондорунан 10 миңден ашык киши коопсуз жактарга көчүрүлдү. 1,5 миңдей киши убактылуу баш калкалоочу жайларга жайгаштырылды.
Бул Оренбург облусундагы эң ири суу ташкындардын бири болуп калды. Суунун көптүгүнөн улам Орскидеги дамба жырылып кеткен. Соңку эсептерге караганда, жаратылыш кырсыгынын кесепети 40 млрд рублга бааланууда.
Андан тышкары Курган, Томск, Тюмен, Кемеров облустарынан дагы суу ташкынга байланыштуу жергиликтүү калкты эвакуациялоо иштери жүрүп жатат. Кошуна Казакстандын он облусунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Жүз миңдей киши жабыркаган аймактардан коопсуз жактарга көчүрүлдү.
Дагы караңыз
Орусиялык армия Украинага дрон жана ракета менен сокку урдуКыргызстандын авиатармагына дагы бир компания кошулдуБишкекте мектепте чыккан өрт өчүрүлүп, 600 адам эвакуация болду