13-апрелдин аба ырайы

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 13-апрелде түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;

Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 18…23;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 16…21;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6 болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 20…22°.

Дагы караңыз

Кыргызстандын авиатармагына дагы бир компания кошулдуГрузияда “Чет элдик агент” мыйзамына каршы чыккан демонстрант соттолдуТИМ орус полициясынын Москвадагы элчиликтин кызматкерине жасаган мамилесин айыптадыМинистрлик оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларынын нааразылыгына үн катты