Коопсуздуктан улам Айт намазы аянтта окулбайт

Орозо айт намаздарынын бири. Архив

Орозо айт намазы коопсуздуктан улам аянттарда окулбайт. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы бул чечим тууралуу 8-апрелде кабарлады.

"Акыркы убакта дүйнөдө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу элдин коопсуздугун эске алуу менен Орозо айт намазы өлкөдөгү жума намаз окула турган мечиттерде окулат", - деп маалымдады Муфтияттын басма сөз кызматы.

Намаз убактысы эртең менен саат 7:30га белгиленди. Мечиттерге чогулуу саат 6:15те башталып, баяндар айтылат.

Мусулмандардын ыйык Орозо айынын соңундагы Айт майрамы 10-апрелде болот.

Кыргызстанда бул күн дем алыш деп жарыяланган.

Бир канча жылдан бери Айт намаз Бишкектин эски аянтында, облус борборлорундагы аянттарда окулуп, ага он миңдеген кишилер катышат.

2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам намаз мечиттерде гана аралык сактап окулган. (SE)

Дагы караңыз

"Мектептер 50% гана камсыз болгон". Окуу китептердин тартыштыгы, статистикадагы айырма Израил Газанын Рафах шаарында операция жүргүзүүгө даярдык көрүүдөМэрия айрым көчөлөр курулуш компаниялардын эсебинен узартыларын маалымдады Орус каналдары “Крокустагы” кол салууга айыпталгандардын видеосун көрсөттү