Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:54

Израил Газанын Рафах шаарында операция жүргүзүүгө даярдык көрүүдө


Рафах шаары. Газа, 26-март, 2024-жыл
Рафах шаары. Газа, 26-март, 2024-жыл

Израил Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарында операция жүргүзүүгө даярдык көрүүдө. Бул тууралуу 8-апрелде Рейтер агенттиги кабарлап, Египеттин медиасына таянып, Каирдеги тынчтык сүйлөшүүлөрүндө “алга жылуу” байкалганын жазды.

Израил өз күчтөрүн Газанын түштүк бөлүгүнөн жекшембиде чыгара баштаган. Бирок коргоо министри Йоав Галлант аскерлер алдында “болочок миссияларга, анын ичинен Рафахтагы операцияга камдануу” максаты турганын билдирди.

Премьер-министр Биньямин Нетаньяху Израилдин “жеңишине бир кадам калганын” айтты.

7-апрелде Газадагы согуш башталганына жарым жыл болду. Былтыр 7-октябрда ХАМАСтын (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган уюм) согушкерлери Израилдин шаар-конуштарына кол салганда, 1200дөй киши каза таап, 253 адам туткунга алынган. Алардын жарымы бошотулганы менен, калгандарынын тагдыры белгисиз. БУУнун маалыматына ылайык, Газада алты айда 33 миңдей палестиндин өмүрү кыйылып, 2,3 млн элдин 85% качкынга айланды.

Эл аралык коомчулуктун Израилге согушту токтотуу талабы барган сайын күчөп жатат.

Ок атышпоо жана барымтадагыларды бошотуу тууралуу Катар, АКШ жана Египеттин арачылыгы менен жүрүп жаткан сүйлөшүүнүн кезектеги айлампасы Каирде 7-апрелде өттү.

Египеттин "Ал-Кахера" маалымат каражаты атын атабаган жогорку аткаминерге шилтеме жасап, “талаштуу бир нече пункт боюнча прогресс байкалганын” кабарлады. Басылманын маалыматына караганда, “Катар менен ХАМАСтын делегациялары келишимдин шарттарын биротоло макулдашуу үчүн эки күндөн кийин Каирге кайтып келмекчи”.

Бирок Нетаньяху барымтадагылар бошотулмайынча, ок атышууну токтотуу келишимине көнбөсүн жекшембиде кайталады.

Ал арада БУУ баш болгон эл аралык уюмдар Газада гуманитардык абал начарлап, ачарчылык коркунучу жогорулап жатканын айтышууда.

8-апрелде Египет жактагы чек арадан анклавга бир нече машина гуманитардык жүк алып өткөрүлдү.

XS
SM
MD
LG