Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:46

Орус каналдары “Крокустагы” кол салууга айыпталгандардын видеосун көрсөттү


“Крокус Сити Холлго” кол салууга айыпталгандар.
“Крокус Сити Холлго” кол салууга айыпталгандар.

Орусиянын федералдык каналдары жекшемби күнү кечинде “Крокус Сити Холлго” кол салуу үчүн айыпталгандардын сурагында тартылган деген видеону тартуулады. Маалыматка караганда, видео орус коопсуздук кызматынан алынган, бирок качан жана кандай жагдайда тартылганы белгисиз. Анда көрсөтүлгөн төрт киши теракттан кийинки күнү кармалган. “Свобода” радиосу маалымдагандай, бардыгы тең Сайфулло аттуу киши алардын ишин координациялап, кол салуудан кийин “Киев тарапка кетүү” жөнүндө көрсөтмө бергенин айтышты.

Андан тышкары шектүүлөрдүн экөө - Мухаммадсобир Файзов жана Саидакрами Ражабализода Киевде миллион рублдан аласыңар деп убада берилгенин кошумчалады. Файзовдун айтымында, “чек арадан өтүүгө, андан ары Киевге жетүүгө” көмөктөшө турган адамдар күтмөк. Ал эми Фаридуни Шамсиддин менен Далержон Мирзоев бир аз башкача сүйлөдү - "Сайфулло" машинаны чек арага жакын жерге таштап, телефон чалгыла дегенин айтты.

Орусиянын Биринчи каналы өз репортажында кабарлагандай, теракт кылгандар чек арага бараткан кезде эки аймак миналардан тазаланып, алар үчүн эки коопсуздук коридору даярдалган. Айыпталгандар бул тууралуу сөз кылган эмес. Чек арадагы андай “өтмөк” жөнүндө кол салуудан көп өтпөй орус президенти Владимир Путин да айткан. Бирок муну далилдеген көз карандысыз маалыматтар жок.

Сюжетте көрсөтүлгөндөр кармоо учурунда же андан кийин кыйноого кабылган болушу мүмкүн. Биринин кулагы кесилгени, экинчисин ток менен кыйнашканы Орусиянын согушчул Телеграм-каналдары жарыялаган сүрөт-видеолордон көрүнүп турат.

22-март күнү кечинде Москванын четиндеги “Крокус Сити Холл” борборундагы концерттик залга кол салуу болгон. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) кылмышка шек саналган 11 киши кармалганын кабарлаган, алардын 10у камакка алынды. Эки айга камалгандардын сегизинин теги тажикстандык, бирөө Кыргызстандан чыккан орус жараны экени белгилүү болгон. Теракт үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук уюму алган.

Расмий маалыматка караганда, каза болгондор 144кө жетти, 500дөн ашууну жарадар болду.

XS
SM
MD
LG