Ал арада Билим берүү министрлиги жакынкы үч жылда китептердин жетишсиздик маселеси толук чечилерин убада кылууда. Бул үчүн "Алтын Казык" программасы түзүлгөн. Анын өзөгүн 12 жылдык окутуу системасы түзөт.
Ал эми ата-энелер улам башка китептерди көп сатып алууга туура келип жатканына нааразы.
"Дүкөндө бар, мектепте жок китептер"
Караколдун тургуну Таңсулуу жыл сайын мектептин китепканасында жок деген окуу китептерди сатып алып турат. Быйылкы окуу жылында да ал жеке дүкөндөн жети китеп сатып алган.
"Улуу кызым 7-класста, кичүүсү 1-класста окуйт. Кыздарымды Караколдогу эң мыкты деген мамлекеттик мектепке бергем. Сентябрда улуу кызым 12 китептин жетөөсүн гана алды. Калганы жок экен, дүкөндөн сатып алдык, ал дагы чоң талаш, кээде жетпей калат. 400-500 сомдон алган китептерди кайра эле ошол дүкөнгө 100 сомдон өткөрөм. Менин оюмча, бул чоң бизнеске айланган. Эмнеге мектепте жок китеп дүкөндө жайнап турат? Муну түшүндүрүп берген киши жок", - дейт Таңсулуу.
"Мектептер 70% китеп менен камсыздалган"
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстандагы мектептер окуу китеп менен 70% жакын камсыздалган. Министрликтин мектептеги, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Самат Тоялиевдин айтымында, Kitep.kg мамлекеттик порталында 11 млн 768 миңден ашык китеп бар, жалпы республикадагы окуучуларга бөлгөндө 67,5% түзөт. Бул көрсөткүчкө 2023-2024-окуу жылына карата басылып чыккан 700 миңден ашык китеп киргизилген эмес.
"Бул китептер жалпы базага киргизиле элек. Алар кирсе, жалпы республика боюнча окуу китептер менен камсыздоонун пайыздык көрсөткүчү 70% тегерегинде болот. Азыркы колдонуудагы китептердин арасында эскилери да бар, аны моюнга алуу керек. Мисалы, акыркы алты жыл ичинде 6 миллион китеп басылып чыккан. Фонддо болгон 12 миллион китептин дээрлик жарымы 2018-жылга чейинки убакытка туура келет. Мен жогоруда атаган kitep.kg порталда окуу китептер гана бар. Ал эми методикалык, көркөм адабияттар буга кирген эмес. Жетишпеген 30% китептин арасында башталгыч класстарга эки жыл мурда киргизилген "Мен жана дүйнө" китеби жок. Бул китеп экспертизадан өтө элек. Балдар мурдагы "Мекен таанууну" колдонууда. Андан тышкары математика боюнча башталгыч класстарда көйгөй бар. Көзү өтүп кеткен Исак Бекбоевдин китебин кийинкилер жаңырта элек. Орусиялык автор Мария Моронун башталгыч класстар үчүн математика окуу китеби да жетишсиз", - дейт Самат Тоялиев.
Китеп таңкыстыгы: Чындыкка шайкеш келбеген статистика
Эреже боюнча окутуу стандарттары өзгөртүлгөн сайын окуу китептердин мазмуну да жаңыланышы керек. Стандарттар соңку ирет 2022-2023-окуу жылына ылайыктап бекитилген.
Билим берүү министрлиги Улуттук илимдер академиясына стандарттардын негизинде анализ жасаткан. Ага ылайык, кайсы китептерди жаңылоо керектиги боюнча ички анализ да жүргүзүлүп жатат.
Бирок "Билимдүү Кыргызстан" жана KG Аnalitics жүргүзгөн талдоонун жыйынтыгы министрликтин маалыматтарынан айырмаланып турат. Маселен, "Билимдүү Кыргызстан" улуттук демилгеси мектептердин окуу китептер менен камсыздалышы мекеме көрсөткөн статистикага туура келбейт деп жазган.
"Айрым эсептөөлөр боюнча, чындыгында окуу китептер менен камсыздоо 50% гана түзөт, бул иш жүзүндө 8,6 миллионго жакын окуу китеп жетишсиз экенин билдирет. Аларды эсепке алууда көркөм адабият, методикалык китептер, эскилиги жетип, колдонууга болбой калгандары да кошуп саналып кеткен. Улуттук техникалык KMS 1303:2023 стандартына ылайык, окуу китептин колдонуу мөөнөтү 3 жылды түзөт, андан кийин эсептен чыгарылууга тийиш. Китептердин жетишсиздиги аларды аткезчилик жол менен басып чыгаруунун көбөйүшүнө алып келди. Мындай учурда эң жөнөкөй деген техникалык жана санитардык талаптар сакталбайт. Бүгүнкү күндө көптөгөн ата-энелер нааразылыгын билдирип жатат. Бирок балдары окуу китептерге муктаж болгондуктан, базарлардан жана жер астындагы өтмөктөрдөн сатып алууга аргасыз", - деп жазылат анализде.
Дагы караңыз "Кыргызча контент жок, балдардын тили орусча чыгууда"Басмакана атаандаштыгы - сапатка өбөлгө
"Билимдүү Кыргызстан" Улуттук демилгесинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахаб Нурбаев окуучунун турмушта керек болуучу жөндөмүн өнүктүрүү үчүн сапаттуу китептер менен камсыздаш керек экенин белгилейт:
"Бул маселени чечүү жолдорун Билим берүү министрлиги көрө албай атат. Дүйнө жүзүндөгү тажрыйбаны карай турган болсок, басмаканаларга шарт түзүп, алардын санын көбөйтүш керек. Атаандаштык шартында көп китеп чыгат. Ошондо китеп тандоо мүмкүнчүлүгүн биз мугалим менен ата-энеге беришибиз зарыл. Азыркы күндө китепти Билим берүү министрлиги тандайт да, аны таңуулап, мектептерге өткөзөт. Чындыгында бир гана атаандаштыктын негизинде сапаттуу китеп чыгарып, балдарга татыктуу билим берүүгө шарт түзүлөт. Министрликтин алдында жаңы китептерди чыгарабыз деп атышат. Бирок мамлекеттик ишкана менен жеке мекеменин ортосунда ишти алып кетүү кыйын. Анда сапат, деңгээл, кадрлардын кесипкөйлүгү такыр башка болот. Андан көрө биз басмаканаларды көбөйтсөк, алар китепке өзүлөрү буйрутма берип, жаздыртып, экспертизадан өткөрүп, жасалгасын даярдайт. Башкача айтканда, алар буга кызыкдар болот, талапка жараша ыкчам жаңылап турушат. Монополист мекемелердин иши канчалык начар болорун көрүп атабыз да".
Дагы караңыз "Кыргыздар билимге эмес, тойго маани берет". Бир кылым өзгөрбөгөн кулк-мүнөз"Билимдүү Кыргызстан" Улуттук демилгесине 60тан ашык уюм, 700 адам мүчө болгон
Окуу китептердин мазмуну
Мектептердеги окуу китептердин мазмуну боюнча маселе өзгөчө жаңы окуу жылы башталганда көтөрүлөт. Балдар мектептердин китепканаларынан алган китебин ата-энелер эле эмес, айрым мугалимдер да сындап, кээ бирлери сунушталган китептерди колдонуудан баш тартат.
Айрым ата-энелер өзгөчө кыргыз тили боюнча окуу китептер жатык тилде жазылбаганын белгилеп келет. Окуу китептердеги каталар азая элек. 2018-жылы октябрда Дүйнөлүк банктын колдоосу менен иштелип чыккан окуу китептеринде одоно каталар табылганда чоң ызы-чуу чыккан. Башкы прокуратура бир нече кылмыш ишин козгоп, министр да кызматтан кетти.
Ошондон бери Азия өнүктүрүү банкы менен Дүйнөлүк банктын долбоорлорунун алкагында жаңы окуу китептер иштелип чыккан эмес.
Адистер бир окуу китепти иштеп чыгуу үчүн 3 жылдан 4 жылга чейин убакыт кетерин айтышат.
“Китепстан” басма үйүнүн жетекчиси Бакыт Абдуллаев китеп чыгарууда анын мазмунуна олуттуу көңүл бурулушу керек дейт:
"Мазмундук жагынан конкуренция болушу керек. Бир эле министрлик өзү чыгарып, аны мектептерге бергени сапатка терс таасир тийгизиши мүмкүн. Альтернативдүү тандоо сөзсүз болушу керек. Жеке басмаканалар да, мамлекет да китептерди чыгарсын. Ошондо гана мектеп өзү, мугалим жана ата-энелер кайсынысы туура келерин карап, мазмуну, сапатына жараша ылайыктуусун тандап алат. Президент эки жылда китеп көйгөйүн чечкиле деп тапшырма берген. Албетте, министрлик азыркы колдонуудагы китептерди эле кайра басып чыгарып, көйгөйдү чечтик деши мүмкүн. Анткени эки жылда жаңы мазмундагы сапаттуу китептерди даярдашына көзүм жетпейт - бул оңой маселе эмес. Азыр 12 жылдык окутуу программасына да өтүп жатабыз. Балким, башталгыч класстардын китептери жаңыртылат, бирок жогорку класстарда бул жумушту аткарыш кыйынга турат".
2020-жылы Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан окуу китептерге көз карандысыз экспертиза жүргүзүү үчүн Республикалык “Окуу китеп” илимий-практикалык борбору түзүлгөн.
2024-жылы февраль айында борбор жоюлуп, «Окуу китеп» басма үйү менен бириктирилген. Министрлик басма үйү окуу китептерди иштеп чыгуу, экспертизалоо жана ижарага берүү менен алектенерин билдирген.
"Үч жылда стандарттарга ылайык китептер даяр болот"
Жакында эле прездиент Садыр Жапаров Билим берүү жана илим министрлигине алдыдагы эки жылда мектептердеги окуу китептердин жетишсиздигин толук жоюу тапшырмасын берген.
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева “Азаттыкка” курган маегинде мекеме бул тармакты жакшыртуу жана реформалоо боюнча “Алтын Казык” программасын сунуштап жатканын маалымдады. Анда 12 жылдык окутуу системасы, билим берүүнүн сапатын жакшыртуу өңдүү бир нече өзгөртүүлөр сунушталган.
Андан тышкары мектептердеги окуу китептердин мазмунун жаңыртуу жана таңкыстыкты жоюу да каралган. Министр Кендирбаева жакынкы үч жыл ичинде жаңы китептерди басып чыгаруу планы коюлганын да айтты:
“Бүтүндөй өлкөнүн өнүгүшү окуучунун билим сапатына байланган. Бул реформа ишке ашпай калбасын деп президент да айтты. Албетте, буга чейин да аракеттер, изденүүлөр болгон. Бирок ырааттуу жүргүзүлбөй, аягына жетпей, көбүнчө донорлордун демилгеси менен гана жасалып, ар бир жаңы иш улантылбай кала берген. Ошондуктан биз түп-тамырынан бери өзгөрүүгө барууну чечтик. Биринчиден, биз 12 жылдык окутуу программасына өтүп жатабыз. Бүтүндөй STEM сабактары боюнча окуу-техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн баары иштелип жатат, ал онлайн платформада болот. Бүгүнкү күндө мектептердеги балдарды толук жаңы муундагы, бардык стандарттарды камтыган окуу китептер менен камсыз кылуу үчүн 17 млн 400 миң китеп керек. Башкача айтканда, бир балага 12 китеп туура келиши кажет. Мунун баасы 8 млрд 700 млн сом болот. Бирок бизде жыл сайын китеп жаңыртууга деп болгону 152 млн сом берилет. Демек, бул жетпеген китептер менен 60 жылда гана камсыз кыла алабыз дегенди түшүндүрөт. Азыр бир жаңы стандарттар менен 52% китепти камсыздайбыз деп турабыз. Айрым элементтери кошулган так илимдер боюнча китептер менен толуктайбыз. Президент Жапаров бул маселени чечүү максатында Кембридж системасына ылайык иштелип чыккан 47 наамдагы китептерди алууга тапшырма берди. Азия өнүктүрүү банкынын жетекчиси менен кездешип, каражат табуу тапшырмасын Каржы министрлигине берди. Азыр ошол иш боюнча ыкчам аракет кылып, жакынкы үч жыл ичинде китептер менен толук камсыз кылабыз”.
Дагы караңыз Балаңызга китеп окутуп, медианы чектеңиз!Кыргызстандын мектептеринде колдонууга сунушталган окуу китептердин тизмесин жыл сайын министрлик өзү жарыялайт. Тизмеге кирбеген китептерди мектептерде пайдаланууга тыюу салынып келген.
2023-жылы август айында кабыл алынган “Билим берүү жөнүндө” мыйзам боюнча билим берүү уюмдарындагы мугалимдерге окутуу усулдарын, окуу китептерди жана окуу куралдарды эркин тандоо укугу берилген.