Чукул билдирүү: тоолуу аймактарда кар көчкү жүрүшү мүмкүн

Чукул билдирүү

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 6-8-апрель күндөрү жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу автоунаа жолунун 74-107-чакырымында, Ала-Бука - Каныш-Кыя - Кызыл-Адыр автоунаа жолундагы Чапчыма ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткү болушу күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл.

Аба ырайы

6-апрелде түнкүсүн Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 6-апрелде күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20;

Ысык-Көл облусунда тункүсүн 0…5, күндүз 11…16;

Нарын облусунда түнкүсүн -1…4, күндүз 10…15 градус жылыйт.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз 14 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 16…18° жылуу болот.

Дагы караңыз

Төрөттөн каза болгон келиндин өлүмүнүн себеби иликтенүүдөКатуу шамалдан Чүй облусу 23,5 млн сомдон ашуун чыгаша тарттыБШК үч шайлоо округу боюнча 35 талапкерди каттадыСерб республикасында "чет элдик агент" мыйзамын кабыл алуу аракети уланууда