Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Катуу шамалдан Чүй облусу 23,5 млн сомдон ашуун чыгаша тартты


Шамал кыйраткан чатыр. Иллюстрациялык сүрөт.
Шамал кыйраткан чатыр. Иллюстрациялык сүрөт.

28-марттагы каттуу шамалдан улам Чүй облусу 23 млн 567 335 сомдук чыгаша тартты. Бул тууралуу Жарандык коргонуу комиссиясына шилтеме кылып, облустук администрациянын басма сөз кызматы маалымдады.

Катуу шамалдан 183 объект жабыркаган. Анын ичинде 87 турак жай, эки оорукана, 39 мектеп, 16 бала бакча, 13 мамлекеттик мекеме, бир окуу жай, 20 трансформатор, кампалар, мончо, дүкөндөр жана башка имараттар бар. Жабыркаган адамдар тууралуу маалымдалган жок.

Шамалдын кесепетин жоюуга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Чүй облусундагы башкармалыгынын кызматкерлери, жергиликтүү райондук жана айыл аймактык бийликтердин, муниципалдык мекемелердин кызматкерлери тартылды.

Шамалдан улам облуска киргизилген чукул кырдаал 5-апрелде президенттин облустагы өкүлү Канат Жумагазиевдин жарлыгы менен алынды.

28-мартта Бишкек, Чүй аймагында ылдамдыгы секундасына 18-26 метрге жеткен шамал болгон. Социалдык тармактын колдонуучулары шамал Бишкекте бир нече имараттын чатырын учуруп, бак-дарактар кулап, автоунааларды басып калганы тартылган сүрөт-видеолорду жарыялашкан.

Шамалдан борбор калаа Бишкектин тарткан чыгымы 16 млн сом деп эсептелди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG