Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:12

БШК үч шайлоо округу боюнча 35 талапкерди каттады


Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Баткен, Ош жана Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 35 талапкерди каттады.

Анын ичинен №2 Баткен шайлоо округунан 10 талапкер, 14 талапкер №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан жана 11 талапкер №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округунан катталды. Ош шайлоо аймагынан койгон талапкерлердин ичинде бир аял бар.

Бул аймактар боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди кѳрсѳтүү 28-мартта аяктаган. Талапкерлерди каттоо 8-апрелге чейин, андан кийин 27-апрелге чейин үгүт өнөктүгү жүрөт.

28-апрелде өлкөдө жалпы үч округда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.

Боршайком 13-мартта №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген депутат Айбек Осмоновдун мандатын өзүнүн арызынын негизинде алган.

22-февралда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы Искендер Матраимов (Кара-Суу округу) менен Нурлан Ражабалиевди (Баткен округу) өздөрү жазган арыздын негизинде депутаттык мандатынан ажыраткан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG