БШК үч шайлоо округу боюнча 35 талапкерди каттады

Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Баткен, Ош жана Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 35 талапкерди каттады.

Анын ичинен №2 Баткен шайлоо округунан 10 талапкер, 14 талапкер №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан жана 11 талапкер №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округунан катталды. Ош шайлоо аймагынан койгон талапкерлердин ичинде бир аял бар.

Бул аймактар боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди кѳрсѳтүү 28-мартта аяктаган. Талапкерлерди каттоо 8-апрелге чейин, андан кийин 27-апрелге чейин үгүт өнөктүгү жүрөт.

28-апрелде өлкөдө жалпы үч округда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.

Боршайком 13-мартта №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген депутат Айбек Осмоновдун мандатын өзүнүн арызынын негизинде алган.

22-февралда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы Искендер Матраимов (Кара-Суу округу) менен Нурлан Ражабалиевди (Баткен округу) өздөрү жазган арыздын негизинде депутаттык мандатынан ажыраткан.(ZKo)

Дагы караңыз

Министр Олимпиадага 30 лицензия алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди Бишкекте 196 млн сомдук тарыхый имарат мамлекетке кайтарылдыКымбатчылык: калктын керектөөсү, өкмөттүн реформасы Бишкек, Ысык-Көлдөгү зомбулук: Дагы эки аял бейажал өлүм тапты Бишкектеги катуу шамалдын чыгымы 16 млн сом деп эсептелди