Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:10

Министр Олимпиадага 30 лицензия алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди


Алтынбек Максүтов.
Алтынбек Максүтов.

Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы менен “Мекенчил” депутаттык тобу 2024-жылы Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарына кыргыз спортчуларынын даярдыгы тууралуу маалымат угуп жатат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов жайкы Олимпиада оюндарына, Паралимпиадалык оюндарына кыргыз спортчуларынын отузга чейин лицензия алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди. Максүтов лицензия алуу мүмкүнчүлүгү бар спорттун түрлөрүн атады.

“Лицензия алуу мүмкүнчүлүгү бар спорттун түрлөрү бул – дзюдо, грек-рим күрөшү, эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү, жеңил атлетика, оор атлетика, бокс, байдарка, каноэ, сууда сүзүү, ок атуу, триатлон, жаа атуу спорту, фехтования”, - деди Максүтов.

Министрдин айтымында, Олимпиада оюндарына даярдануу үчүн 2024-жылы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекцияга 275 млн сом бөлүнгөн. Мындан сырткары дары-дармек, дарыгерлердин кызматына кошумча 100 млн сом бөлүндү.

Ушу тапта 2024-жылкы Париж Олимпиадасына Кыргызстандын эсебинде беш жолдомо бар. Денис Петрашовдон сырткары былтыр грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова Олимпиадага жолдомо алган. (TSh)

XS
SM
MD
LG