Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:07

Бишкектеги катуу шамалдын чыгымы 16 млн сом деп эсептелди


Бишкекте шамалдан жабыркаган мектеп, бала бакчалар.
Бишкекте шамалдан жабыркаган мектеп, бала бакчалар.

Бишкек шаарындагы 28-мартта болгон катуу шамалдын болжолдуу чыгымы 16 млн 749 миң сом деп эсептелди. Бул тууралуу Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын жыйынтыгына таянып мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Катуу шамалдан 10 киши жабыркап, 144 бак кулап, 13 машине талкаланган. 101 имараттын 37си социалдык, 54 турак үйдүн чатыры бузулган. Шамалдан улам калаада киргизилген өзгөчө кырдаал режими 4-апрелде алынды.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) шамалдан Бишкек шаарында, Чүй жана Талас облустарында баш-аягы 154 объект - 70 социалдык мекеме, 80 турак жай, төрт чарбалык курулуш зыян тартканын кабарлаган.

28-мартта Бишкек, Чүй аймагындагы ылдамдыгы секундасына 18-26 метрге жеткен шамал болгон. Социалдык тармактын колдонуучулары шамал Бишкекте бир нече имараттын чатырын учуруп, бак-дарактар кулап автоунааларды басып калганы тартылган сүрөт-видеолорду жарыялашкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG