"Вагнер" Африкага жиберүү үчүн жалданмачы чогулта баштады

"Вагнер" компаниясынын желеги. Иллюстрация.

"Вагнер" жеке менчик компаниясы февралдан тартып катарына жалданма аскерлерди тартууну жандантты. Компаниянын расмий Телеграм-каналында акыркы айда эле катарына аскер алынып жатканы тууралуу 200дөй жарыя жазылды.

"Вёрстка" басылмасы Nordsint долбоору менен чогуу жүргүзгөн иликтөөсүндө жалданма аскерлер Африкага жиберүү үчүн чогултулуп жатканын жана анын башында ким турганын аныктады.

Былтыр март айынан тартып "Вагнер" катарына жалданма жоочуларды жыйноону токтоткон. Эми интернеттеги каналдарда жана чаттарда жазылып жаткан маалыматтарга караганда, жеке аскер компаниясы Африканын батышындагы Мали өлкөсүндөгү операциялар үчүн жоочуларды чогултуп жатканы маалым болду. Февралдын ортосунда "Вагнер" менен байланышкан аккаунттар Малинин бийлигин ээлеп турган полковник Ассими Гоита компания менен келишимин узартканын жазышкан.

"Вёрстка" жазгандай, жаңы жалданма жоочулардан чабуулчу отряддар түзүлөт. Дагы бир бөлүгү учкучсуз учактарды башкаруучу отряддарга жиберилет. Жалданмачыларды жыйноо Орусияда гана эмес, Беларуста да жүрүп жатканы кабарланды.

Маалыматтарга ылайык, "Вагнердин" катарына 22-50 жаштагы эркектер алынат, аларга алты айлык келишим, айына 240 миң рублден эмгек акы жана өмүрү камсыздандырылары убада кылынууда. Ушундай эле суммадагы айлык Украинадагы согушка тартылган "вагнерчилерге" да сунушталганын "Вёрстка" жазды.

Басылманын кабарчысы "вагнерчи" катары компаниянын кызматкери менен байланышкан учурда ал жалданмачылардын кийинки тобу апрелдин ортосунда жиберилерин билдирген. Дагы бир кызматкер жалданмачылар Украинага барууну каалабай калышканын, ал эми Африкага барууну каалагандар көп экенин айтып берген.

"Вагнер" менчик аскердик компаниясы 2022-жылы Украинада согуш башталганда жалданмачыларын ошол жакка жибере баштаган. Аларга фронтто алты ай согушкандан кийин ырайым берилип, мурдагы соттуулугу жоюлары жана "таза" бойдон эркиндикке чыгарылары убада кылынчу. Компаниянын башчысы Евгений Пригожин былтыр августта эң жакын кызматташтары менен учакта учуп баратып кырсыкка кабылып, шериктери менен каза болгон.

Дагы караңыз

Президент айыптоосу тастыкталбаса, депутат да жазаланарын билдирди"Уу коргошун ичип оору таптым". Көзү ачык, табыптардын жарнамасы тыйылабы?Жети-Өгүздө 37 жаштагы аялдын өлүмүнө шектүү камалды Бишкек, Ысык-Көлдөгү зомбулук: Дагы эки аял бейажал өлүм тапты Депутат - министр тиреши: Комиссия түзүлдү, президент билдирүү жасады