Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:54

"Уу коргошун ичип оору таптым". Көзү ачык, табыптардын жарнамасы тыйылабы?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда көзү ачык, бүбү-бакшыларды жарнамалоого тыюу салуу сунушталды.

Парламенттин бир канча депутаты демилгечи болгон мыйзам долбоору "Жарнама жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүүнү көздөйт. Документ кабыл алынса, теле, радио жана көчөлөрдө илинген көрнөк-жарнактардан көзү ачыктарды жарнамалоого жол берилбейт.

Айрым адистер тыюу салуудан мурда коомдун сабаттуулугун жогорулатып, медиктерге болгон ишенимди арттыруу зарыл деп эсептейт.

"Табыптын дарысынан майып болдум"

30 жаштагы Чолпон мындан эки жыл мурда интернетке жарнамасы чыккан табыпка барып ал жерден өлүп кала жаздаганын айтып отурду.

Буту-колу шишип, өз алдынча баса албай калган келин табыпка оорудан куткарып калат деп ишенген экен.

"Негизи ооруканага барганымда догдурлар менин оорумду "полиартрит" деп аныктап, узак убакыт бою дарылануу керектигин айтышкан. Алар бул оору менен өмүр бою жашарымды, башка айлам жок экенин да эскертишкен. Жаш, бала төрөй элек болсом кандай болот деп кейидим. Медиктердин айтканына ишенгим келбегендиктен чыгып алып көзү ачык, табыптарды издедим. Lalafo деген тиркемеде мындайлар көп экен".

Чолпон Чүйдүн айылдарынын бириндеги табыпка барып, уу коргошундун (Ысык-Көл тамыры) тундурмасы менен дарыланууну чечкен. Табып бул кызматын 58 миң сомго баалап, келинди дартыңдан толук арыласың деп ишендирген экен. Өзүн элдик табып деп атаган адамдын үйүндө жаткан Чолпон жети күн уу коргошундун тундурмасын иче турган болгон, бирок үчүнчү күнү ууланып, оор абалда кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Догдурлар анын өмүрү үчүн тогуз күн күрөшкөн. Бул окуядан кийин Чолпон эмчи-домчу, көзү ачык, табып, төлгөчү дегендерге ишенүү өз өмүрүңдү садага чабуу менен барабар деген ойго келгенин айтты:

"Мен өлүп кайра тирилгенден кийин табыпка баруу өтө кооптуу экенин билдим. Жарым жыл ооруканалап жүрүп, далай кишилерди көрдүм. Көбү көзү ачык, элдик табыптардан жабыр тартканын айтышты. Мен деле интернеттеги жарнамага ишендим да. Жаның көзүңө көрүнүп турганда "сени айыктырам" дегендерге ишене берет экенсиң да. Ревматолог дарыгер "бул дарт менен өмүр бою жашайсың" дегенин кабыл алган жокмун да. Эгер ошол кезде уксам, кеселим мынчалык күчөп кетпейт эле. Азыр буту-колум аба ырайы бузулса эле сыздап чыгат, дайыма жылуу кийинип жүрөм, майыптык алдым. Мунун баары көзү ачыктын, табыптын айынан болду. Эл катары жүргөн мурдагы жашоом кыял бойдон калды".

Уу коргошун демекчи, 2021-жылы апрель айында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы аконит (уу коргошун) деп аталган чөптүн тамырын дарылыкка колдонуп жатканы маалым болгон. Ал журналисттердин алдында бул чөптүн тундурмасын президент Садыр Жапаров экөө даярдаганын, ал Кыргызстандагы ооруканаларда жаткан 300 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлгөнүн айткан. Министрдин бул сөзү коомчулукта катуу сынга кабылган, кийинчерээк Саламаттык сактоо министрлиги аконит дары катары эч кандай клиналык жактан тастыкталбаганын билдирген.

Көзү ачыктарды жарнамалабоо керек

Көзү ачык, бүбү-бакшыларды жарнамалоого тыюу салууну сунуштаган депутаттар "Жарнама жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү керектигин айтышууда.

3-апрелде мыйзам долбоору биринчи окууга киргизилип, анда баяндамачы депутат Марлен Маматалиев мистикалык кызмат көрсөтүүлөр кыргыз коому үчүн жат көрүнүш экенин, алар социалдык тармак, радио, телеберүү жана тышкы көрнөк-жарнак, билборд аркылуу жарнамаланбашы керек экенин айтты.

Маматалиев "Жарнама жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү демилгеси көзү ачык, бүбү-бакшы жана табыптарга алданып калган жарандардан келген көптөгөн каттардан кийин иштелип чыкканын айтты.

Талкуу учурунда депутат Дастан Бекешев долбоорго дагы толуктоолорду киргизүү керек экенин, бул үчүн Илимдер академиясынын адистери менен биргеликте иш алып баруу зарылдыгын белгиледи. Маселен, долбоордо сюцай, астрология, нумерология боюнча жоопкерчилик каралган эмес.

Парламенттин жалпы жыйынында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетовдун айтымында, укук коргоо органдарына 2019-жылдан бери жети арыз түшүп, анын бирөө сотко жөнөтүлгөн. Көзү ачык, табыптардын ишмердиги Кылмыш-жаза кодексинин 152-беренесинде "Мыйзамсыз дарылоо иши" катары каралат жана аларга эки жылга чейин белгилүү бир кызматты ээлөөгө тыюу салынат.

Ал эми депутат Искак Масалиев көзү ачыктарга саясатчылар, президенттикке талапкер болгондорго чейин барып жатканын белгиледи.

"Көзү ачыктар көп болуп атат азыр. Айрым мурдагы президенттер көзү ачыктарга барып, шайлоо мындай бүтөт, мындай болот деп ишенип жүрөт. Аларга кантип баа берет? YouТube жана башка интернет платформаларды кантип көзөмөлдөйбүз? Алар бизге таандык эмес да", - деди Масалиев.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов көзү ачык, бүбү-бакшылардын TikTok жана башка социалдык тармактардагы жарнамаларын чектөө мүмкүн эмес экенин эскертти.

Мыйзам долбооруна ылайык жарнама берген жана аны жарыялаган да тарап 15 миң сом айып пулга жыгылат. Жыйынтыгында мыйзам долбоорун 68 депутат колдоп, экинчи окууга толуктоолорду киргизүү керектигин айтышты.

"Эмчи-домчулар аз да болсо тыйылат"

Эмчи-домчу, табып, көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салуу менен өкмөт алардын ишин аз да болсо ооздуктап, алардан жапа чеккендер да кыйла азаярын медицина боюнча эксперт Бермет Барыктабасова айтты:

Бермет Барыктабасова
Бермет Барыктабасова

"Өзүн табып, бүбү-бакшы атагандар расмий медицинаны каралап, медиктер акча гана талап кылганды билет дешет. Бирок чындыгында дал ошол билимсиз эмчи-домчулар элден 10-20 эсе көп акча алат. Алардын адамды дарылоо ыкмалары эч бир жерде тастыкталган эмес жана жыйынтыгы өтө опурталдуу. Бирок алар жарнама аркылуу миңдеген кишилерди өзүнө тартып, бул жаатта ишкерликти жакшы өздөштүрүп алган. Баарын билип, түшүнүп тургандай түр көрсөткөндөргө карапайым эл катуу ишенет. Көзү ачык, табыптарга баргандар ден соолугун ого бетер начарлатып, акырында медиктерге келет, бирок бул убакыт аралыгында табыптын көрсөтмөсү менен эмне жеп, эмне ичкенин айтпайт. Боору, өпкөсү, өтү жарабай калганга чейин жүргөндөрдү догдур кайра калыбына келтире албай, эмне кыларын билбей калат. Табыптарды токтотуу биздин колдон келбей жатат. Ошондуктан жарнамага тыюу салуу абалды кыйла өзгөртөт. Мисалы, ошол эле фармкомпаниялар дары-дармегин ак халат кийип жарнамалай албайт. Ал эми көзү ачык, бүбү-бакшылар өзүлөрүн күнү-түнү, 24 саат бою пиар кылып, колунан келбеген нерсени убада кылууда".

Саламаттык сактоо министрлиги бир нече жылдан бери табып, көзү ачыктарга чара көрүүнү талап кылып келет. Алсак, министрлик 2018-жылы өзүн дарыгер атаган Хашим Зайналиевдин үстүнөн Башкы прокуратурага арызданган. Буга табып дарылаган беш жаштагы кыздын оор абалда ооруканага түшкөнү себеп болгон. Зайналиевдин ишин токтотууга мамлекеттик органдар киришип, бирок өтөсүнө чыккан эмес. Андан мурдагы жылдары да Зайналиевдин медициналык борборуна барган бейтаптар өлүмгө кабылганы белгилүү болгон.

"Калктын сабатын көтөрүү керек"

"Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова көзү ачык, табыптардын жарнамасына тыюу салуу жарандарды алданып же жапа чегип калуудан сактайт дегенге кошулат.

Ошол эле учурда адис бул маселени чечүү үчүн комплекстүү көз караш жана чечимдер керек экенин белгиледи. Тагыраагы, медицина тармагындагы көйгөйлөрдү чечип, психолог, психиатр, психотерапевттерди даярдоо зарыл деп эсептейт.

Бүбүсара Рыскулова
Бүбүсара Рыскулова

"Элдин билим деңгээли бир күндө эле жакшырып кетпейт. Медициналык жардам деле көпчүлүк учурда кымбат. Мыйзам аркылуу көзү ачыктардын ишин иретке келтирүү жаман эмес. Маселен, 1990-жылдары ар бир базарда теспесин колуна кармап, жүгөрү, төлгө ташын тизип алып "жол ачам, дартыңа даба табам, келечегиңди айтып берем" дегендер толуп турчу. Азыр деле бар. Аларга билиминин аздыгынан ишенип, акчасын карматып, алданып калгандар арбын болууда. Жарнамага тыюу салганда көзү ачыктар тыйылып, үйүнө кирип кетпейт дечи, бирок аларга баргандар азаят, бул турган иш. Эмчи-домчулар эл каалап, өзүлөрү уккусу келгенин айтып бергендиктен аларга ишеним артып баратат. "Жин кирип кетти" деп эле көрүнгөнгө жакынын ташыгандар көп. Өлкө жетекчилиги кадимки билим алган психолог, психиатр, психотерапевттерди окутуп чыгарууга басым жасаганы да туура кадам болот. Себеби азыркы медицина күчтүү, ал ар бир адамдын дартын тез аныктап, ден соолугун чыңдап, сакайтып, үйүнө жөнөтүп жатат".

Анткен менен соңку жылдары кыргыз коомунда диплому жок эле өзүн психолог атаган коучтор көбөйүп кеткени айтылып жүрөт. Жогорку Кеңештин 3-апрелдеги жыйынында депутат Гүлшаркан Култаева ушул маселени козгоду.

“Бир ай окуп, гештальт-психологмун деп сертифкат алып, элди чакырып жатышат. Аларга акчасын коротуп жаман абалга туш болгондор бар”, - деди депутат.

Кыргызстанда көзү ачыктык, бакшылык кылып, төлгө тарткандарга мыйзам тыюу салбайт. Базарларда, социалдык тармактарда жана менчик телеканаларда “жол ачам, ооруларды дарылайм” деген сыяктуу жарнамалар жарыяланып турат.

XS
SM
MD
LG