Бишкек шаардык милициясы 4-апрелде 34 жаштагы аялдын өлүмүнө шектүү кармалганын билдирди. Бул тууралуу ушул эле күнү милициянын нөөмөт бөлүмүнө кабар түшкөн.
Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, келиндин өлүмү боюнча фактыны ырасташкан.
Райондук милиция Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, 1991-жылы туулган Б.К. аттуу жаранды шектүү катары кармаган.
Кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Бишкектеги Кут жаңы конушунда үч баланын энеси, 33 жаштагы келин мурдагы күйөөсүнүн колунан каза тапканын 4-апрелде "Балдар укугун коргоо" лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова айтып чыккан.
Кыргызстанда кыз-келиндерге жасалган зордук-зомбулук фактылары утур-утур катталып, өлүм менен катталган учурлар да болуп келет.
WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюму 24-октябрда өзүнүн 2023-жыл үчүн даярдалган отчётун жарыялады. Анда Кыргызстан аялдардын өмүрү үчүн кооптуу өлкөлөрдүн рейтингинде 95-орунду ээлеп, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эң төмөнкү сапка жайгашты.