Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:21

Сокулук райондук милиция башчысы жана орун басары кызматтан алынды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) убактылуу кармоочу жайында 2-апрелде катталган суицидге байланыштуу кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгында аталган РИИБ жетекчиси Уран Шамбетов, анын орун басары Максат Иманалиев, нөөмөт бөлүмүнүн улук инспектор-нөөмөтчүсү Дүйшөнбек уулу Тилек ээлеген кызматтарынан төмөндөтүү менен бошотулду.

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) маалымдады. Ага ылайык, министрликтин буйругу менен Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын (ОИИББ) 2 жетекчисине жана 5 кызматкерине тартиптик жаза берилген.

Маалыматта ошондой эле кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгында укук коргоо органдарынын Тартиптик уставынын талаптары бузулганы, ишенип берилген өздүк курамдын арасында мыйзамдуулуктун жана кызматтык тартиптин сакталышына жетиштүү көзөмөл болбогону, кызматкерлердин иши боюнча бир катар нускамалардын талаптары бузулганы аныкталганы белгиленген.

Апта башында Кочкор-Атадагы чуулгандуу окуяга байланыштуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Абитов, орун басары Ильяс Касымбаев кызматынан төмөндөтүү менен бошотулган. 3-апрелде Жеңиш Абитов Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жетекчи болуп дайындалганы белгилүү болду.

2-апрелде Чүй облусунун Сокулук райондук милиция бөлүмүндө кармалып отургандардын бири - алдамчылыкка шектелип кармалган 41 жаштагы киши асынып алганы кабарланган. ИИМ окуя териштирилип жатканын билдирген.

Кыргызстанда жабык жайларда кармалып туруп, белгисиз себептер менен өлгөндөр буга чейин да катталган. Күч органдары адатта алар өз жанын кыйганын билдирип келишет, ал эми маркумдардын жакындары шектүү жагдайлар бар экенин айтып жүрүшөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG