Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:31

Иранда полиция бекеттерине куралдуу кол салуу болду


Чабахардагы бекет. 2024-жылдын 4-апрели.
Чабахардагы бекет. 2024-жылдын 4-апрели.

Иранда полиция бекеттерине чабуул жасаган кеминде сегиз киши жок кылынганын, аларды токтотууга аракет жасаган күч кызматкерлеринен бешөө каза болгонун бүгүн 4-апрелде өлкөнүн мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары билдиришти.

Мамлекеттик IRNA маалымат агенттиги күч органдарынын дагы 10 кызматкери жараат алганын кабарлады.

Айрым маалымат каражаттары аскер жана полиция кызматкерлеринен 11 киши каза болгонун, кол салгандардын 16сы жок кылынганын жазып жатышат.

Окуя Ирандын түштүк-чыгыш аймагындагы Систан жана Белужистан провинциясындагы Раск жана Чабахар шаарларында, борбор калаа Тегерандан 1400 чакырым аралыктагы аймакта бейшембиге караган түнү болгону, кол салгандар полиция бекеттерине ок чыгарганы маалымдалды.

Бийлик бул чабуул үчүн «Жайш ал-Адл» («Адилеттик аскери») тобун айыптады. Аталган топ Ирандагы аз улуттардын бири белужилердин укугун кеңейтүү үчүн күрөшкөн бирикме экени айтылып келет. Аны иран бийлиги террордук уюм деп жарыялаган.

Иран «Жайш ал-Адл» Пакистан менен чек ара тилкесиндеги коопсуздук күчтөрүнө кол салган окуялар болгонун буга чейин да айтып келген.

Быйыл январь айынын ортосунда Иран Пакистандын аймагына ракета жана дрон менен сокку урган. Өлкөнүн мамлекеттик телеканалдары бутага «Жайш ал-Адл» тобуна тиешеси бар деп эсептелген эки объект алынганын кабарлаган. Ага чейинки күнү Иран Ирактын жана Сириянын түндүгүнө сокку урган. (RK)

XS
SM
MD
LG