Депутат Акаев өкмөттү мигранттар боюнча Орусия менен сүйлөшүүгө чакырды

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев 4-апрелдеги сессияда "Крокус Сити Холлдогу” кандуу кол салуудан кийин Орусиядагы кыргыз мигранттарына басым күчөгөнүн айтып, өкмөткө тийиштүү чараларды көрүүнү сунуштады. Акаев ар кандай себептер менен Орусияга кире албай жаткандар бар экенин айтты.

“Бизге жүздөгөн адамдар кайрылып жатат. Айрым мигранттар кайтып келди, эч себепсиз. Телефондорун текшерип, аалымдардын видеолору болсо “диний радикал топторго тиешең бар го” деп кайра кайтарып жатат. Орусия менен сүйлөшүүнү колго алсаңар деген өтүнүч”, - деди Акаев.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров миграция тийиштүү иштер жүрүп жатканын айтып, кыргыз жарандары дагы барган өлкөсүнүн салтын, мыйзамдарын сакташы керек экенин билдирди.

“Биздин жарандарыбыздан дагы суранып кетебиз, бөлөк мамлекетке барганда алардын салты менен мыйзамдарына баш ийишибиз керек. Ошого үйрөнүшүбүз зарыл, азыр окууларды өткөрүп жатабыз”, - деди.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 1-апрелдеги жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев "Крокус Ситидеги" кандуу окуядан кийин ар кандай себептер менен 69 кыргызстандык Орусияга киргизилбегенин билдирген.

Орусияда "Крокус Сити Холлдогу” кандуу кол салуу жөнүндө сүйлөшкөнү үчүн кыргыз жаранына Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 205.2-беренесинин 1-бөлүгү (“Терроризмди ачык актоо”) боюнча иш козголгон.

22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарында “Крокус Сити Холл” борборунун 6 миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залында отургандарга кол салуу болгон. Кеминде төрт киши автоматчан кирип барып, адамдарды аткан жана өрт койгон видеолор тараган. 3-апрелге карата маалыматка караганда, каза болгондор 144кө жетти, жараат алгандар 500дөн ашты. Кылмышка шектүү катары он киши камакка алынды. Алардын сегизи теги тажикстандык экени белгилүү болгон.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук топ алган. АКШ жана Батыш өлкөлөрү терактты дал ушул уюм уюштурган деген пикирде. Ал эми Орусия Украинаны айыптап жатат. Киев ага тиешеси жок экенин айтууда. (TSh)

Дагы караңыз

Акылбек Жапаров Балыкчы - Барскоон жолунун курулушу тууралуу түшүндүрмө бердиСокулук райондук милиция башчысы жана орун басары кызматтан алынды Иранда полиция бекеттерине куралдуу кол салуу болду