Баткенде "Өрүк гүлү" фестивалы уюштурулду

"Өрүк гүлү" фестивалында ойноп жаткан кыздар. 4-апрель, 2024-жыл

Баткен районунда «Өрүк гүлү» фестивалы уюштурулуп, иш-чарага облустагы айылдардан өкүлдөр катышууда. Мындан тышкары эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ишкерлер жана коноктор чакырылган.

«Бул фестивалдын максаты - аймакка туристтерди тартуу, өрүк азыктарын, андан жасалган оокаттарды жарнамалоо», - деди Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев.

Иш-чарада кол өнөрчүлүк, каада-салттар, улуттук тамак-аштар жана өрүктөн жасалган азыктардын түрлөрү, жыгачтан жасалган буюмдар көрсөтүлдү.

Фестивалдын алкагында өрүктөн жасалган азыктардын түрлөрү конокторго тартууланып, эл арасынан чыккан таланттар чыгармачылыгы менен коштолду.

Баткен облусундагы өрүк бактардын жалпы аянты 10 миң гектардан ашат. (JsA)

Дагы караңыз

Сокулук райондук милиция башчысы жана орун басары кызматтан алынды Иранда полиция бекеттерине куралдуу кол салуу болдуСерб республикасында "чет элдик агент" мыйзамын кабыл алуу аракети уланууда