Кыргызстанда 5-апрелде түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо карга айланат. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;
Ысык-Көл облусунда тункүсүн 1…6, күндүз 10…15;
Нарын облусунда түнкүсүн -1…4, күндүз 10…15 градус жылыйт.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 20…22° жылуу болот.
Дагы караңыз
Газага гумжардам жеткиргенде каза болгондордун сөөгү мекенине жөнөтүлдү Франция жана Орусия коргоо министрлери Москвадагы терактты, Украина маселесин талкуулашты “Бул жарандык коом үчүн сыноо”. “Чет элдик өкүл” мыйзамына реакцияларКыргызстандын медиа платформасы абактагы журналисттерди бошотууга чакырдыЖол тыгынын чечүү үчүн айрым мектептерде ишти саат 7де баштоо сунушталды