Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:26

Кыргызстандын медиа платформасы абактагы журналисттерди бошотууга чакырды


Абакта жаткан журналисттер. "Азаттыктын" коллажы.
Абакта жаткан журналисттер. "Азаттыктын" коллажы.

Кыргызстандын аракеттеги медиа платформасы жапырт башаламандыкка чакырууга айыпталып абакта жаткан сегиз журналистти бошотууну талап кылган кайрылуу жасады.

4-апрелде жарыяланган билдирүүдө 11 журналистке коюлган айыптын эч кандай мыйзамдык негизи жок экени, үч ай ичинде аларга тергөө амалдары жүрбөгөнү, тергөөчүлөр ички иштер министри Улан Ниязбеков боюнча иликтөөлөрдөгү маалыматтар кайсы булактан алынганын гана сурашканы белгиленген.

“Президенттин камактагылардын көбүн бошотуу ниетине карабастан, 11 адамдын 8и дагы эле темир тор артында калууда. Ошол эле учурда коррупция жана уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар деп айыпталган көп адамдар “келтирилген зыяндын ордун толтуруу менен” үй камагына же сыртка чыкпоо тилкаты менен бошотулган. Ал эми ушундай коррупция менен күрөшкөн, бирок коррупциялык каржылык ресурстары жок журналисттер темир тор артында калып жатат”, - деп айтылат кайрылууда.

Журналисттер тергөөдөн жана соттук териштирүүдөн качпай турганы, өздөрүнүн мыйзамсыз аракеттерге барбаганын далилдөөгө кызыкдар экени жазылган.

Платформа журналисттерди үй камагына же тилкат менен тезинен бошотууга, ишти калыс иликтөөнү талап кылып, журналисттерге репрессиялык чараларды колдонбоого чакырган.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы жапырт башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Журналист Акыл Орозбеков үй камагына чыгарылып, Жумабек Турдалиев эч жакка кетпөө тилкаты менен абактан бошотулган. “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан. Калган сегиз журналист абакта калган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 12-марттагы чечими менен аларды 13-майга чейин камакта калтырган. Бишкек шаардык соту алардын жетөөнүн жактоочуларынын апелляциялык арызын карап, канааттандырган жок. Ал эми “Арча Медиада” (мурдагы Next TV) иштеген журналист Сайпидин Султаналиевдин арызы 5-апрелде карала турган болду.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

XS
SM
MD
LG