Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:57

Франция жана Орусия коргоо министрлери Москвадагы терактты, Украина маселесин талкуулашты


Себастьен Лекорню.
Себастьен Лекорню.

Украина маселеси жана «Крокус Ситидеги» террордук чабуул Франциянын Куралдуу күчтөр министри Себастьен Лекорню менен Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун 3-апрелдеги телефондук сүйлөшүүсүндө талкууланды. Сүйлөшүүгө Франция демилгечи болгону кабарланды.

Эки жетекчи акыркы жолу 2022-жылдын октябрында, Шойгу Батыш өлкөлөрүнүн коргоо министрлерине чалып, Украина өзөктүк бомба жардырууну көздөп жатканын (Орусиянын буга далили алигүнчө келтириле элек) айтканда сүйлөшкөн.

Лекорню «Крокус Ситиде» каза болгондор үчүн көңүл айтып, Франция Орусиянын терроризмге каршы күрөшүндө кызматташууга даяр экенин билдирди, бирок бул терактка Украинанын тиешеси тууралуу маалыматы жоктугун айтты жана украин бийлигин бул чабуул үчүн айыптоону токтотууга чакырды.

Франция Украинадагы согушту айыптай турганын белгилеген министр Киевге колдоосун уланта берерин билдирди.

Шойгу Москвадагы терактта «Украинанын изи» бар экени тууралуу маалыматы бардыгын айтты.

Ал эгер Франция Украинага аскерлерин жөнөтө турган болсо «Франциянын өзүнө проблема жараларын» билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматында "Украина боюнча диалогго даярдык белгиленди. Негизги жоболор «Стамбул тынчтык демилгесине» негизделиши зарыл" деп айтылды.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон өткөн айда Украинага Батыш өлкөлөрүнүн аскердик контингентин жөнөтүү ыктымалдыгын айткан. Бирок НАТО боюнча өнөктөштөрүнүн дээрлик баары анын мындай билдирүүсүнө макул эместигин айтып чыгышкан. Москва да кескин айыптоосун билдирген. Бирок Макрон андай ыктымалдыкты азыр деле четке какпай келет.

22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарында “Крокус Сити” борборунун 6 миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залында отургандарга кол салуу болгон. Кеминде төрт киши автоматчан кирип барып, адамдарды аткан жана өрт койгон видеолор тараган. 3-апрелге карата маалыматка караганда, каза болгондор 144кө жетти, жараат алгандар кеминде 380 адам. Кылмышка шектүү катары он киши камакка алынды. Алардын сегизи теги тажикстандык экени белгилүү болгон.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук топ алган. АКШ жана Батыш өлкөлөрү терактты дал ушул уюм уюштурган деген пикирде. Ал эми Орусия өзү Украинадан көрүүдө. Украина эч тиешеси жок экенин айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG