Бишкекте үч баланын энеси күйөөсүнүн колунан каза тапканы кабарланды

Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы акция. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Биринчи май районуна караштуу Кут жаңы конушунда үч баланын энеси, 33 жаштагы келин күйөөсүнүн колунан каза тапты. Бул тууралуу "Балдар укугун коргоо" лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, окуя 3-апрелде болгон.

"Биз бул үй-бүлөгө көп жылдан бери жардам берип келгенбиз, келинди таанычумун. Күйөөсү ичип жанын койбогондуктан, бир нече жыл мурун ажырашып алган болчу. Кечээ "ичпей калдым, орозо кармап атам" деп алдап үйүнө келип, уруш чыгарыптыр. Аягында бычактап салып, келин каза тааптыр", - деди Назгүл Турдубекова.

Маалыматты келиндин атын атагысы келбеген тууганы ырастады. Анын сөзүнө караганда, балдары апасынын өлгөнүн уга элек, мурдагы күйөөсүн милиция алып кеткен.

Шаардык ички иштер башкармалыгы бул окуя боюнча маалымат бере элек. Мекеменин басма сөз кызматы маалымат такталып жатканын "Азаттыкка" билдирди.

Былтыр 20-сентябрда Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган 36 жаштагы Асел Ногойбаева кабылган окуя коомчулуктун үрөйүн учурган. Асел буга чейин зомбулук көрүп, милицияга бир нече жолу кайрылган. Кийин ага беш жолу коргоо ордери берилип, райондук сот пробация менен шектүүнү чыгарганы белгилүү болгон.

Сегиз сааттык операцияны баштан кечирген Ногойбаева бир айдай ооруканада жатып, үйүнө чыкан. Дарыгерлер ага дагы бир нече этап менен операция жасалышы керектигин айтышууда.

Укук коргоочулар коомдо талкуу жараткан Асел Ногойбаеванын окуясын жана соңку кезде күч алган аялдарга карата зомбулукту кескин сынга алып, токтотуу талабын коюп жатышат. Буга чейин "Мен Аселмин" аттуу флешмоб уюштурушту.

WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюму 24-октябрда өзүнүн 2023-жыл үчүн даярдалган отчётун жарыялады. Анда Кыргызстан аялдардын өмүрү үчүн кооптуу өлкөлөрдүн рейтингинде 95-орунду ээлеп, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эң төмөнкү сапка жайгашты. (ZKo)

Дагы караңыз

Жол тыгынын чечүү үчүн айрым мектептерде ишти саат 7де баштоо сунушталды"Уу коргошун ичип оору таптым". Көзү ачык, табыптардын жарнамасы тыйылабы?Кыргызстандын медиа платформасы абактагы журналисттерди бошотууга чакырдыДепутат Армения, Абхазиядан келген машинелерди каттоону сунуштады Газага гумжардам жеткиргенде каза болгондордун сөөгү мекенине жөнөтүлдү