Рим папасы Украина менен Орусияны туткундардын баарын бошотууга чакырды

Рим папасы Франциск. 2024-жылдын 31-марты.

Рим папасы Франциск Газа секторундагы атышууну токтотууга жана Украина менен Орусия туткунда кармап турган адамдарды бошотууга чакырды. Папанын кышкы сасык тумоодон айыккандан кийинки алгачкы кызматтык жөрөлгөсү 31-мартта өттү.

Ватикандагы Ыйык Петр чиркөөсүнүн алдындагы Пасха майрамына карата кооздолгон аянтта 60 миңдей киши чогулду. Жекшембилик кайрылуусунда Франциск бардык католиктерди Пасха майрамы менен куттуктады жана ойлору Украинадагы, Газадагы эл менен экенин айтты.

Папа Украина менен Орусия ортосунда туткун айырбаштоону “баарын баарына” деген формуланын негизинде ишке ашырууга чакырды:

«Эл аралык укук принциптерин урматтоого чакырам. Орусия менен Украина ортосундагы согуш туткундарын баарын-баарына толук айырбаштоого үмүт артам», - деди ал.

Газадагы атышуу чукул арада токтошу зарыл экенин белгилеген Франциск бул аймакка гуманитардык жардам жеткирүү, барымтада кармалып тургандарды бошотуу зарылдыгын айтты.

Ал Армения жана Азербайжан ортосундагы диалогдун уланышына үмүт артып жатканын да айтып, тынчтык келишимин кабыл алуу зарылдыгын белгиледи.

Понтифик башка аймактардагы чыңалган кырдаалга да токтолуп, чыр-чатактан жана зомбулуктан биринчи кезекте жай тургундар, айрыкча балдар жабыркап жатканын кошумчалады.

Орусия Украинага кол салып, айрым аймактарын басып алып, адамдарын өлтүрүп, туткунга алып келатканына эки жылдан ашты.

Израилдин Газа секторундагы ХАМАСка (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган топ) каршы согушуна жарым жыл болду – былтыр октябрда сектор тараптан Израилге кол салуу болуп, миңден ашуун адам өлтүрүлгөн, жүздөгөн киши барымтага алынган. Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси жөөт армиясынын ошондон кийин башталган аскердик операциясынан 32 миңден ашуун жай тургундун өмүрү кыйылганын айтууда.

Азербайжан былтыр сентябрда Армения менен көптөн бери талашып келген Тоолуу Карабак аймагын өз карамагына толук алгандан кийин ортодогу атышуу дээрлик токтогон. Армения да, Азербайжан да чек ара боюнча канчадан бери уланып келе жаткан тирешке чекит коё турган тынчтык келишимине кол коюуга даяр экенин айтып, бирок бирин бири бул процесстин создугушуна айыптап келишет. (RK)

Дагы караңыз

"Крокус Ситидеги" окуядан кийин 69 кыргызстандык Орусияга киргизилген жокТүркиядагы муниципалдык шайлоолор: Стамбул, Анкарада оппозиция жеңди КМШнын Экономикалык кеңешиндеги Кыргызстандын өкүлү алмаштыHRW Ирандагы бахаилер абалын “системалык репрессия” деп атады