Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:16

"Крокус Ситидеги" окуядан кийин 69 кыргызстандык Орусияга киргизилген жок


Шереметьево аэропорту. 24-март, 2024-жыл
Шереметьево аэропорту. 24-март, 2024-жыл

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 1-апрелдеги жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Москвадагы кол салуудан кийин кыргыз мигранттарынын абалы жөнүндө маалымат берди. Имангазиевдин айтымында, "Крокус Ситидеги" кандуу окуядан кийин ар кандай себептер менен 69 кыргызстандык Орусияга киргизилген жок.

“Алардын укугу бар, эгерде чет өлкөнүн жараны кооптуу көрүнсө же телефонунда кооптуу маалыматтар болсо, аны киргизбейт. Ушуга байланыштуу жалпы 69 жаран кирбей калган”, - деди.

Комитет жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу Орусияда мигранттарга карата текшерүү чаралары күчөтүлүшү мүмкүн экенин айтты.

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков Орусияда мигранттарга карата ишенбөөчүлүк маанай (ксенофобия) күч алганын айтып, Тышкы иштер министрлигин миграция багытында иш алып барууга чакырды.

Орусиянын Шереметьево аэропортунда кармалып турган 51 кыргызстандык 27-мартта Кыргызстанга кайтарылган. ТИМ антитеррордук иш-чараларга байланыштуу зарыл иши болбогон кыргызстандыктарды Орусияга барбай турууга чакырган.

22-мартта Москвадагы концерттик залда теракт болгон. Анда камуфляж кийген төрт кылмышкер туш келди ок чыгарган жана борбор өрттөнгөн. Акыркы маалыматтар боюнча терактта жараат алган адамдардын саны 551ге жетти. 144 адам мерт болду.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” радикал тобу өз мойнуна алган. Федералдык коопсуздук кызматы калабага байланыштуу 11 шектүү кармалганын билдирген. Алардын ичинен тажикстандык төрт киши “терактты ишке ашырууга” шек саналып эки айга камалган.

Андан сырткары "кол салууга байланышы бар" деген шек менен Исроил Исломов уулдары Аминжон жана Диловар менен камалды. Ошондой эле теги кыргызстандык, орус жараны Алишер Касимов да кармалды. (TSh)

XS
SM
MD
LG