КМШнын Экономикалык кеңешиндеги Кыргызстандын өкүлү алмашты

Айгүл Рыскулова

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Экономикалык кеңешиндеги Кыргызстандын өкүлү Айгүл Рыскулова ээлеген кызматынан бошотулду.

Рыскулова бул кызматта 2020-жылдын февралынан бери иштеп келе жаткан.

Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен аталган кызматка Улукбек Кармышаков дайындалды Кармышаков Стандартташтыруу жана метрология борборун жетектеп келген. Ага чейин Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун төрагасынын орун басары болгон.

КМШнын Экономикалык кеңеши социалдык-экономикалык кызматташтык маселелери боюнча уюмдун алкагында кабыл алынган макулдашуу, мамлекет башчылар кеңешинин жана өкмөт башчылар кеңешинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөйт. (ZKo)

Дагы караңыз

Израилдин Газадагы операциясы улануудаНазарбаевдин тууганы сотто коюлган айыпты моюнуна алды№2 Баткен шайлоо округу: БШК төрт талапкерди каттады Жугуштуу илдеттер ооруканасында кызамык менен 210 бейтап дарыланууда Шайлообек Атазов мандатына байланыштуу шаардык сотко кайрылды