Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:28

№2 Баткен шайлоо округу: БШК төрт талапкерди каттады


Баткен шаары
Баткен шаары

Баткенде 1-апрелде Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдыктар талкууланды. Жыйынга Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана облус активи катышты.

№2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо 28-апрелде өтөт. Аймакта 81 добушкана иштейт. 6-мартка карата 112 миңден ашуун шайлоочу каттоодон өттү. Учурда шайлоо тилкелерине шайлоочулардын алдын ала тизмеси илинип, аны тактоо иштери жүрүүдө.

Парламент депутаттыгына талапкер болуу ниетин 12 адам билдирип, БШК алардын төртөөнү каттады. Калгандарынын документтери каралууда.

28-апрелде өлкөдө жалпы үч округда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.

Боршайком 13-мартта №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген депутат Айбек Осмоновдун мандатын өзүнүн арызынын негизинде алган.

22-февралда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы Искендер Матраимов (Кара-Суу округу) менен Нурлан Ражабалиевди (Баткен округу) өздөрү жазган арыз боюнча депутаттык мандатынан ажыраткан. (JsA)

XS
SM
MD
LG