31-мартта Казакстандын өкмөт башчысы Олжас Бектеновдун төрагалыгы алдында селдин кесепеттерин жоюу боюнча республикалык штабдын жыйыны өттү. Штаб өзгөчө кырдаал аймагынан 11 миң 306 адам эвакуацияланып, 5 миңден ашуун адам убактылуу баш калкалоочу жайларда жашап жатканын кабарлады. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы жазды.
Расмий маалымат боюнча, сел 40 жолду, бир көпүрөнү жууп кеткен. Казак бийлиги өзгөчө кырдаал аймагындагы элге жардам күнү-түнү көрсөтүлүп жатканын билдирген. Селдин кесепеттерин жоюу үчүн 7 миңден ашык адам иштеп, 2 миңден ашык техника мобилизацияланды.
Республикалык штаб 30-марттагы коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жоомарт Токаевдин чукул жыйынынан кийин түзүлгөн.
"Азаттыктын" казак кызматы штабдын маалыматына таянып, учурда Казакстандын он аймагында суу каптоо коркунучу бар экенин жазды. Бир катар шаарларда жана райондордо өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Казакстанда күн жылып, кар эригени, дарыялар жээгинен чыгып бир нече аймакта айыл-кыштактар суу астында калды. (AiA)
Дагы караңыз
Бишкек ЖЭБин оңдоого кытайлык ТВЕА компаниясынын адистери келет Махачкала менен Каспийскиде контртеррористтик операция жүрүп жататТүркиядагы муниципалдык шайлоолор: Стамбул, Анкарада оппозиция жеңди