Дагестандын борбор калаасы Махачкала менен Каспийск шаарына контртеррористтик операция режими киргизилди. Бул тууралуу "Интерфакс" агенттиги Федералдык коопсуздук кызматынын ыкчам штабына шилтеме кылып жазды. Ага ылайык, бул шаарларда жергиликтүү тургундарга бир катар чектөөлөр коюлду. Айрым үйлөрдөн жарандар эвакуацияланды.
Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, Каспийскиде көп кабаттуу үйлөрдүн биринде куралчан эки адамды кармоо аракети болууда.
Улуттук антитеррористтик комитет Москва убактысы менен эртең мененки саат 10до үч адам кармалганын, алардын жанынан курал-жарак, колго жасалган бомба табылганын маалымдады.
Дагы караңыз