Axios: Израил Газага араб аскерлерин жайгаштырууну сунуштады

Ушул тапта Израил армиясы Газа тилкесиндеги аскердик операциясынын алкагында абадан сокку урууну улантып жатат.

Израилдин коргоо министри Йоав Галант Газа тилкесине араб аскерлери катышкан көп улуттуу аскердик топту жайгаштырууну сунуштады.

Бул тууралуу Axios басылмасы жөөт өкмөтүндөгү эки жогорку даражалуу өкүлгө шилтеме кылып жазды. Ага ылайык, министр АКШдан бул сунушту колдоону суранды.

Израилдин сунушуна ылайык, араб өлкөлөрүнүн контингенти Газада өткөөл мезгилде болушу керек жана гуманиатардык жардам жеткирүүдө коопсуздукту сакташы зарыл.

Басылманын ишенимдүү булактарынын ырасташынча, бул сунуш үч араб өлкөсүнүн өкүлдөрү менен талкууланды. Алардын арасында Египет дагы бар. Ошол эле маалда АКШнын аскерлерин жайгаштыруу тууралуу сөз дагы болгон эмес.

Эгерде бул план колдоо тапса, Газада АКШ менен Европа Биримдиги террорчул уюм деп эсептеген ХАМАС радикал тобу менен байланышы жок жетекчилик орган түзүлөт.

Ак үйдөгү булактын билдиришинче, Израилдин сунушун азыр Египет гана караштырып жатат. Ушул тапта араб өлкөлөрү Газага аскер жөнөтүүгө даяр эмес, бирок согуш аяктагандан кийин бул аймакка тынчтык орнотуучу күчтөрүн жайгаштырууга даяр.

Учурда Израил армиясы (ЦАХАЛ) Газа тилкесиндеги аскердик операциясынын алкагында абадан сокку урууну улантып жатат. Жердеги кармаш негизинен Аш-Шифа ооруканасынын айланасында жүрүүдө.

Газадагы соңку уруштун башталышына ХАМАС радикал уюмунун 7-октябрда Израилдин конуштарына кол салышы түрткү болгон. Анда жоочулар 1200дөй кишини өлтүрүп, 250дөйдү барымтага алганы кабарланган. Буга жооп кайтарып, Израил армиясы Газадагы аскердик операциясын баштаган. Андан бери анклавдын Саламаттык сактоо башкармалыгы кеминде 32 миңдей кишинин өмүрү кыйылганын билдирген.

Дагы караңыз

Ананьево айылдык кеңешинин төрагасы Көлбаевдин тобунун мүчөсү деп кармалды Кыргыз-тажик чек арасында дагы 28,37 чакырым тилке макулдашылдыТашиев Орусиядагы мигранттарга каршы маанай тууралуу айтты