Кыргыз-тажик чек арасында дагы 28,37 чакырым тилке макулдашылды

Архивдик сүрөт.

Баткенде 24-29-март күндөрү кыргыз-тажик чек арасын тактаган эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Кыргыз өкмөтү анда тараптар дагы 28,37 чакырым тилке тууралуу мунаса табылганын билдирди.

Кийинки жолугушуу Тажикстанда өтөт жана анын датасы тууралуу маалымат бериле элек.

29-мартта Баткен шаарында эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары, Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолуккан. Өкмөт ал жолугушуу жөнүндө кенен маалымат берген эмес.

Буга чейинки сүйлөшүүлөр өткөн аптада Тажикстандын Бустон шаарында өткөн. Тараптар дагы 11 чакырымга жакын чек ара сызыгы макулдашылганы жарыялаган.

16-мартта дагы Ташиев менен Ятимов Тажикстандын Бустон шаарында жолуккан.

Президент Садыр Жапаров былтыр 11-декабрда Баткендин Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөгөндө Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айларына чейин такталып каларын белгилеген.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. 2022-жылы президенттер жолуккан маалда мунун 664 чакырымы боюнча орток пикир табылганын билдиришкен.

Тараптар буга чейин жарыялаган маалыматтарына ылайык, акыркы беш айда эки өлкөнүн чек арасынын 210 чакырымдайы тууралуу орток пикир табылган. Тактала элек тилкелер негизинен Баткен районунун аймагында жайгашкан жана эң чырлуу жана кыйын делген бөлүктөр болуп саналат.

Чек ара маселеси чечилбегендиктен аймакта чыр-чатактар орун алып турган. Эң ири жана көп курмандыктарга алып келген жаңжалдар 2021-жылдын апрель-майында жана 2022-жылдын сентябрында катталган.

Биринчи ири жаңжалдан кийин Кыргызстан делимитациялоо жана демаркациялоо иштери толук аяктаганга чейин чек арасын бир тараптуу жапкан. Мунун фонунда чек араны тактоо иштери ыкчамдатылган.

Дагы караңыз

Ташиев Орусиядагы мигранттарга каршы маанай тууралуу айтты Садыр Жапаров ЖЭБдеги кырсыктан кийинки абал менен таанышты Москвадагы терактта жараат алгандардын саны 551ге жетти