Караколдогу “Бугу” жана “Макиш” базарлары мэрияга өткөрүлдү

Каракол шаарынын мэриясына өткөрүлгөн базар. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Каракол шаарындагы “Бугу” жана “Макиш” соода базарынын ээси Р.А.Т. аттуу жаран кайра кармалганын билдирди.

Атайын кызмат 28-мартта берген маалыматка ылайык, кармалган адам көп убакыт бою базарларда иштеген ишкерлерден акча чогултуп, бирок алынган пайданын реалдуу суммасын фискалдык органдардан жашырып келгени аныкталган.

Тергөөдө мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында базардын ээси өз ыктыяры менен аянты 1,14 гектар, наркы 233 млн сомдон ашкан “Макиш” жана “Бугу” базарларын Каракол шаарынын мэриясына өткөрүп бергени айтылды.

Базардын ээси акыркы окуя тууралуу комментарий бере элек.

УКМК быйыл 12-февралда да өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча Караколдо “Бугу” жана “Макиш” соода базарынын ээси Р.А.Т. кармалганын кабарлаган. Ал кайра эркиндикке качан чыкканы тууралуу азырынча маалымат жок. (BTo)

Дагы караңыз

Балыкчы: 12 жаштагы кызды сүзүп кеткен мурдагы милиция кызматкери бошотулду"Крокус Ситидеги" чабуулдун курмандыктары 143кө жеттиУкраина: Харьков шаары авиабомба, ракета чабуулуна кабылды27-март: Бир тууган Матраимовдор камалды, Москвада теракттын курмандыктары 140ка жеттиСи Кытайдагы технологиялык прогрессти эч ким токтото албай турганын айтты