Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:45

Украина: Харьков шаары авиабомба, ракета чабуулуна кабылды


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Орусия бүгүн 27-мартта Украинанын Харьков шаарына авиабомба менен чабуул койгонун жергиликтүү бийлик билдирди. Шаар мэри Игорь Тереховдун айтымында, күндүз урулган соккудан бир киши каза болду, 16 киши жараат алды, бир нече үй, мектеп талкаланды.

Харьков облустук полициясынын Тергөө комитетинин башчысы Сергей Болвинов билдиргендей, 2022-жылдан бери алгачкы жолу шаарга авиабомба менен чабуул коюлду. Фугастык авиабомбанын негизинде жасалган УМПБ Д-30 СН колдонулду.

Ал эми орусиялык блогерлер башкарылуучу авиабомбалар (КАБ) түшкөнүн жазышты. Буга чейин мындай бомбалар менен чабуул Авдеевканы ээлөөдө жасалган. (RK)

XS
SM
MD
LG