28-мартка караган түнү Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "Крокус Сити Холл" борборуна болгон чабуулда набыт болгондордун тизмесин толуктады. Бул кандуу окуяда каза болгондордун саны 143кө жетти.
Аталган мекеменин расмий сайтында тизме соттук-медициналык изилдөөнүн тыянагына жараша түзөтүлүп турары эскертилген.
27-мартта күнү ооруканага жеткирилгендердин бири каза болгонун Орусиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко билдирген.
Министр дагы төрт бейтаптын абалы өтө оор экени, 19 адамдын, алардын арасында үч баланын да абалын дарыгерлер оор деп мүнөздөп жатышканы, 34ү орточо оор абалда экени маалымдалды.
Буга чейин Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кол салуудан кийин дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык эки кыз - Эдита Жусупова менен Маиза Гүлжигит кызынын аты-жөнүн каза тапкандардын болжолдуу тизмесине кошкон.
22-мартта Москванын чет жакасындагы "Крокус Сити Холл" борборунда концертке барган көрүүчүлөргө кол салуу болгон.
Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын маалымдаган. Алардын сегизи тергөө абагына камалды. Камалгандардын жетөө тажикстандыктар, бирөө теги кыргызстандык экени белгилүү болду. (AiA)
Дагы караңыз
Украина: Харьков шаары авиабомба, ракета чабуулуна кабылдыСи Кытайдагы технологиялык прогрессти эч ким токтото албай турганын айттыSamsung Pay Орусиянын "Мир" картасын кабыл алууну токтотууда