Аба ырайы: тоолуу аймактарда кар көчкү коркунучу сакталууда

Шашылыш билдирүү

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 27-28-март күндөрү абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Каныш-Кыя-Кызыл-Адыр автоунаа жолундагы Чапчыма ашуусунда, Кызыл-Бел-Ак-Таш автоунаа жолунун 0-3-чакырымында, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

28-29-мартта туруксуз аба-ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, суу каптоо, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

Аба ырайы

28-мартта түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 мерден, 28-мартта күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24,

Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23,

Баткен облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 18…23,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 10…15, күндүз 19…24,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17,

Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 12…17,

Бишкекте түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, кечке жакын бир аз жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10...12, күндүз 21...23 градус жылуу болот.

Дагы караңыз

УКМК аткаминер чет өлкөгө чыгарылган 1,5 млн долларды кайтарганын билдирдиКыргызстанда былтыр өрттөн 35 адам каза болдуШереметьеводо кармалып турган 50дөй кыргызстандык 27-мартта кайтып келетАкылбек Жапаров медицина тармагын каржылоо көбөйгөнүн билдирди