Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:31

УКМК аткаминер чет өлкөгө чыгарылган 1,5 млн долларды кайтарганын билдирди


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Х.Ш.К. жана башка кызмат адамдары чет өлкөлүк банкка чыгарылган ири суммадагы каражатты кайтарганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматында, аткаминер башка кызмат адамдары менен бирге банкроттук абалда турган жалданма ишкананын чет өлкөдөгү банк эсебине 1 млн 498 миң 200 долларды которушкан.

"Бул Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында канализациялык-тазалоочу курулманы куруу боюнча долбоорду ишке ашырууну үзгүлтүккө учуратуу коркунучун жараткан. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын натыйжасында Азия өнүктүрүү банкынан алынган насыялар толугу менен долбоорго кайтарылды жана Каракол шаарында канализациялык-тазалоочу курулманын курулушуна жумшалат", - деп айтылат маалыматта.

Атайын кызмат Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Х.Ш.К. кармалганын 6-мартта кабарлаган. Мекеменин басма сөз кызматы шектүү "Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу" ири эл аралык долбоорун ишке ашырууда аталган департаменттин кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталганын билдирген. Шектүү Каракол ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG