Министр Бейшеналиев депутат Коргонбай уулун сотко берди

Жусупбек Коргонбай уулу жана Алымкадыр Бейшеналиев. Коллаж.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулуна каршы сотко арызданды. Муну министр өзү “Азаттыкка” ырастап, бул депутаттын аны “кылмыштуу топторго тиешеси бар” деп айыптаганына байланыштуу экенин тактады.

“Соттон он миң сом өндүрүп берүүсүн сурадым. Бул эми символикалык баа, негизи бир сом сурайын дегем. Фактысы жок туруп эле айыптап, өзүн жарнама кылгысы келген депутаттар да көп. Алар мындайды токтотушу керек. Мен буга үлгү болоюн деп жатам. Алар трибунадан сүйлөгөн сөзүнө жооп бере тургандай болушу керек. Коргонбай уулу менден Ноокат районундагы ооруканага кызматка бир жигитти коюп бер деп суранганда койбой койгом”, - деди Бейшеналиев.

Бишкектин Ленин райондук соту бул тууралуу арыз түшкөнүн ырастады.

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 14-марттагы жыйынында “саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар” деп сындаган. Ал Кыргызстанда акыркы күндөрү ооруканада дарыгерлердин шалаакылыгынан каза болгондор көбөйүп жатканын билдирип, министрдин жоопкерчилигин кароо маселесин көтөргөн.

Бейшеналиев биринчи жолу 2020-жылы саламаттык сактоо министри болгон. 2022-жылы июнда “коррупцияга” айыпталып камалып, эки аптадан кийин үй камагына чыккан. Бул чуулуу иштерден кийин 19-августта президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен кызматтан бошотулган.

Башкы прокуратура Бейшеналиевге чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд 581 млн 474 миң сомго вакцина сатып алынганы үчүн айып койгон жана жалпысынан жети кылмыш иши козголгонун билдирген. Кийин ага козголгон бардык кылмыш иштери токтотулган.

Ал 2023-жылдын сентябрында кайра министр кызматына дайындалган.

Дагы караңыз

УКМК аткаминер чет өлкөгө чыгарылган 1,5 млн долларды кайтарганын билдирдиКыргызстанда былтыр өрттөн 35 адам каза болдуШереметьеводо кармалып турган 50дөй кыргызстандык 27-мартта кайтып келетАкылбек Жапаров медицина тармагын каржылоо көбөйгөнүн билдирди