Милиция бейтааныш кызды шылдыңдаган блогерди Бишкектен Ошко жеткирди

Саян аттуу блогер.

Ош шаарында Достук көпүрөсүндө бейтааныш кызды уят сөз менен шылдыңдаган 23 жаштагы Саян аттуу блогер 27-мартта Бишкектен Ош шаарына алынып келди.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, блогерге чара көрүү өтүнүчү менен активист Азамат Ормокеев кайрылган. Ушундай эле мазмундагы арыз менен 26-мартта Өзгөн районунун тургуну, блогер шылдыңдаган кыз да кайрылган. Ал 25-мартта Достук көпүрөсүнөн өтүп бара жатканда белгисиз адам видеого тартып, уят сөз айтканын, аны кийин Интернеттен көргөнүн билдирип чара көрүүнү суранган.

Саян аттуу блогер Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүп берилди. Милиция анын иш-аракетине юридикалык баа берилерин билдирди.

Милиция тараткан видеодо блогер Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарынын тургуну экенин, ушул тапта Бишкекте жашай турганын айткан. Кыздан кечирим сурап, экинчи андай жосунду кайталабастыгын билдирген.

Кыргызстанда буга чейин да блогерлер социалдык тармактардагы билдирүүлөрү үчүн камакка алынган же кайра кечирим сураган окуялар болгон. (BTo/DSh)

Дагы караңыз

Бекзат Өмүрбеков үй камагына чыкканы белгилүү болдуЗеленский Коопсуздук кызматынын катчысы Даниловду иштен алдыУКМК орусиялык ишкер Павел Тёго козгогон кылмыш ишин токтоттуУКМК Райымбек Матраимов менен кошо үч бир тууганы кармалганын билдирдиБаку төрт кыргызстандык жаранды Бишкекке өткөрүп берди Орус ӨКМи кол салууда жоголгон кыргыз кыздарды каза тапкандардын тизмесине кошту