Бишкектин Биринчи Май райондук соту алдамчылыкка шек саналып кармалган Бекзат Өмүрбековду 20-мартта үй камагына чыгарганы белгилүү болду. Маалыматты “Азаттыкка” райондук соттун басма сөз кызматы 27-мартта ырастады. Ага ылайык, шектүү келтирилген чыгымды төлөп бергени үчүн бөгөт чарасы өзгөртүлгөн.
Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы (РИИБ) ага март айынын башында Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, сот 1-майга чейин убактылуу кармоочу жайга камакка алган.
Милициянын маалыматы боюнча, ал жана дагы бир адам жергиликтүү тургундардын бирине жетекчилик кызматка ишке орноштурууга убада берип, 50 миң доллар акча алышканы аныкталган.
Бекзат Өмүрбеков жана адвокаты иш тууралуу комментарий бере элек.
Ал социалдык тармактарда азыркы бийликтин активдүү колдоочусу катары таанымал. Фейсбукта жарандык коомдун өкүлдөрүн, оппозициялык саясатчыларды кескин сындап келаткан. (BTo)
Дагы караңыз
УКМК орусиялык ишкер Павел Тёго козгогон кылмыш ишин токтоттуУКМК Райымбек Матраимов менен кошо үч бир тууганы кармалганын билдирдиОрус ӨКМи кол салууда жоголгон кыргыз кыздарды каза тапкандардын тизмесине кошту Баку төрт кыргызстандык жаранды Бишкекке өткөрүп берди Футбол: Кыргызстан Кытай Тайбэйин 5:1 эсебинде утту"Озоди": Шектүүлөрдүн жакындарын суракка алуу үчүн Тажикстанга орус тергөөчүлөрү барды