Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:42

Футбол: Кыргызстан Кытай Тайбэйин 5:1 эсебинде утту


Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама комнадасы.Д.Өмүрзаков атындагы борбордук стадиону. 26-март, 2024-ж. Бишкек.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама комнадасы.Д.Өмүрзаков атындагы борбордук стадиону. 26-март, 2024-ж. Бишкек.

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Кытай Тайбэйин 5:1 эсебинде утту. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо 26-мартта өттү. Оюндагы голдорду Кыргызстан тараптан Жоел Кожо (үч гол), Християн Браузман, Кими Мерк жана Кытай Тайбэйи тараптан У Ен-Шу киргизди.

Бул беттеш 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында болду. Буга чейин бул командалар 21-мартта Кытай Тайбэйинин Гаосюн шаарынын Наньцзы стадионунда беттешип, Кыргызстандын курама командасы 2:0 эсебинде жеңишке жеткен.

2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарында Кыргызстан D тайпасында Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Оман курамалары менен ойнойт. Ар бир команда атаандашы менен өз талаасында жана конокто беттешет.

Кыргызстан буга чейин 2023-жылдын 16-ноябрында Куала-Лумпурда Малайзияга 3:4 эсебинде жеңилсе, 21-ноябрда Бишкекте Оман командасын 1:0 эсебинде жеңген. Төрт оюндан кийин Кыргызстан 9 упай менен D тайпасында алдыда келе жатат. 2-орунда Оман (9 упай), 3-орунда Малайзия (6 упай) жайгашса, бир дагы жеңишке жете элек Кытай Тайбэйи 4-орунда келе жатат.

2026-жылы дүйнө чемпионаты АКШнын, Мексиканын жана Канаданын 16 шаарында өтөт жана ага биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул мелдешке тандоо оюндары 2023-жылдын сентябрь айында башталган. 2026-жылдын март айында жыйынтыкталат.

Азиядан сегиз команда дүйнө чемпионатына жолдомо алат. Тандоо оюндары беш этаптан турат. Кыргызстан курама командасы экинчи этаптан мелдешке катышып жатат. Мында 36 курама тогуз тайпага бөлүнүп ойнойт. Тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген 18 команда кийинки баскычка жана 2027-жылы өтө турган Азия Кубогуна жолдомо алат.(GT/BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG