25-мартта Жалал-Абад шаарында Экинчи дүйнөлүк согуштун жалгыз ардагери Сафин Гаффан 99 жашында дүйнө салды.
Ал Башкыр Автоном Социалист Совет Республикасында (АССР) туулган. Сафин Гаффан Советтик армиянын катарында 1943-жылдан тарта кызмат өтөп, Жалал-Абадга 1954-жылы көчүп келген. Ал Экинчи дүйнөлүк согуштун II даражадагы жана “Германияны жеңүү” медалдары менен сыйланган.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ушул жылдын 1-мартына карата маалыматы боюнча, Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 40тай ардагери калды. 2023-жылдын май айында алардын саны 64 болчу.
1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон. (TB)
Дагы караңыз
Макрон "Крокус Ситиге" кол салган топ Францияда теракт уюштурууга даярданганын билдирдиУКМК Азим Ройдун жубайына издөө жарыяладыТаласта токойдон чыккан өрт 26-мартка караган түнү өчүрүлдүМосквадагы террордук чабуулга байланыштуу дагы үч киши камалды"Крокус Ситидеги" кол салуудан каза болгондор 139га жетти