Таласта токойдон чыккан өрт 26-мартка караган түнү өчүрүлдү

Манас районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагына тиешелүү токойдон чыккан өрт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Талас облусунун Манас районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагына тиешелүү токойдон чыккан өрт 26-мартка караган түнү толук өчүрүлгөнүн билдирди. Өрт чалган 25-30 гектар аянтты өчүрүүгө жалпы үч бөлүм тартылган.

Тилсиз жоодон жабыркагандар жана жаракат алгандар жок. Өрт эмнеден улам чыкканы азырынча белгисиз.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын 11 айында Кыргызстанда 3 116 өрт кырсыгы катталып, 29 адам каза болуп, жалпы 1 млрд сомдон ашык чыгым алып келген. (MKt)

Дагы караңыз

Москвадагы террордук чабуулга байланыштуу дагы үч киши камалды"Крокус Ситидеги" кол салуудан каза болгондор 139га жеттиКулубаев Кыргызстан терроризмге каршы күрөштү колдоорун билдирди 25-март: Кыргыз бийлиги Орусияга барбай турууну эскертти, “Салимбай байбача” алты жылга кесилди