Мектептерге 1-класска балдарды электрондук каттоо 8-апрелде башталат

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда балдарды мектепке 1-класска кабыл алууга электрондук каттоо 8-апрелде башталат. Билим берүү жана илим министрлиги каттоонун биринчи этабында балдарды катталган жери боюнча 2-июнга чейин жүргүзүлөрүн билдирди. Экинчи этабы 3-июндан 30-августка чейин болот. Мында ошол учурда жашаган жери боюнча жүргүзүлөт.

Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) мектеп жашына жеткен баланы (6-7 жаш) 1-класска онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg платформасы аркылуу каттайт.

Өкмөт мектепке жана бала бакчага балдарды кабыл алуудагы коррупцияны жоюу максатында 2014-жылы бала бакчаларга, 2019-жылы мектепке электрондук кезекке туруу системасын пилоттук негизде ишке киргизген. Азыр мектепке кабыл алуу ушундай тартип менен болот.

Ата-энерер mektep.edu.gov.kg сайтынын иши айрым учурларда үзгүлттүккө учурап каларын айтып арызданып келишет. Өлкөдө 2 357 мектеп бар. (КЕ)

Дагы караңыз

Президент Жапаров "Кыргызжылуулукэнерго" ишканасын модернизациялоону тапшырдыПрезидент Жапаров футболду өнүктүрүүгө байланыштуу жарлыкка кол койду“Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимов эч жакка кетпөө тил каты менен абактан бошотулдуКыргызстанда жумуш издеп катталгандардын саны 8,6% кыскарды