Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:44

Президент Жапаров футболду өнүктүрүүгө байланыштуу жарлыкка кол койду


Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы.

Президент Садыр Жапаров “2024–2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу маалымат президенттин расмий сайтына жарыяланды. Анда жарлыктын негизги максаты калктын ар кандай катмарын футбол менен үзгүлтүксүз машыгууга массалык түрдө тартуу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү, футболчулардын чеберчилигин жогорулатуу, кесиптик футболду өнүктүрүү, жаштарды сергек жашоого умтулууга тарбиялоо экени белгиленген.

Жырлыктын негизинде Министрлер кабинетине Кыргыз футбол союзу менен биргеликте 2024–2034-жылдарга футболду өнүктүрүүнүн улуттук программасынын долбоору даярдалат.

"Программанын милдети футболду өнүктүрүүгө байланышкан көйгөйлүү маселелерди чечүү, коомдун турмушунда футболду активдүү жайылтууга көмөктөшүү, калктын ар кайсы катмарына спорт менен машыгуунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, материалдык-техникалык базаны жакшыртуу болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Кыргыз футбол союзунун президенти болуп 19-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев шайланган. Ташиев Кыргыз футбол союзун 2026-жылдын апрель айына чейин башкарат.

Футбол боюнча улуттук курама команда Азия кубогунда тайпадан чыкпай калган.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) кезектеги рейтингинде алты тепкичке артка кетип, 104-орунду ээледи. Буга чейин “акшумкарлар” ФИФАнын соңку рейтингинде 98-орунда болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG