Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:59

Президент Жапаров "Кыргызжылуулукэнерго" ишканасын модернизациялоону тапшырды


"Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасын реформалоо жана модернизациялоо маселеси боюнча кеңешме. 25-март. 2024
"Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасын реформалоо жана модернизациялоо маселеси боюнча кеңешме. 25-март. 2024

Президент Садыр Жапаров жылуулук берүү системасында коррупциялык көрүнүштөр болуп жатканын белгиледи. Мамлекет башчы бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасын реформалоо жана модернизациялоо маселеси боюнча жумушчу кеңешмеде билдирген. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, "Кыргызжылуулукэнергонун" балансында 160 откана бар, алар республика боюнча 53 миң 226 абонентти жылуулук менен камсыз кылат. Көрсөтүлгөн керектөөчүлөрдүн 75 пайызын жеке адамдар түзөт.

Министр белгилегендей, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча аймактык филиалдардын биригүүсүнүн, ошондой эле ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жакшыртуунун жыйынтыгында ишкананын таза кирешеси 111 млн сомду түзгөн. Ибраев тарифтин төмөндүгүнөн улам калк үчүн жыл сайын мамлекеттик бюджеттен субсидия катары 2 млрд сомго жакын каражат бөлүнүп жатканын белгиледи.

Мамлекет башчы "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүн ыкчам тартипте кайра карап чыгуу, жергиликтүү бийлик жетекчилеринин жоопкерчилигин жогорулатуу жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу чыгымдоону камсыздоону тапшырды.

Кыргызстанда электр энергиясын керектөө жылдан-жылга өсүүдө. Жыл ичиндеги бардык өндүрүлгөн жарыктын көлөмү 14 млрд кВтка жакын, ал эми колдонуу 17 млрд кВтка жетет. Кыргыз өкмөтү соңку эки жылдан бери таңкыстыкты жабуу үчүн Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстандан 3 млрд кВт электр тогун импорттоп келет.

Мындан улам өкмөт былтыр 1-августтан тарта энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режими киргизилип, электр энергиясын өндүрүүнүн жаңы булактарын ишке ашыруу максаты коюлганын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG