Орусиянын Ростов облусунда 25-мартка караган түнү абадан коргонуу күчтөрү 11 учкучсуз учакты атып түшүргөнүн өлкөнүн Коргоо министрлиги кабарлап, бул чабуулдар үчүн Украинаны айыптады.
Облус губернатору Василий Голубев Новочеркасск мамлекеттик райондук электр станциясында өрт чыкканын билдирди, бирок себебин тактаган жок.
Станциянын жогорку чыңалуудагы эки түйүнү иштебей калганы, оңдоо иштери жүрүп, келтирилген чыгым эсептелип жатканы, адамдар арасында жабыркагандар жок экени кабарланды.
Новочеркасск шаарынын тургундары бир нече жолу жарылуу болгонун, электр станциясы жакта түтүн чыгып жатканын билдиришкен.
Соңку апталарда Орусиянын башка аймактарында да энергетикалык объектилерде өрт чыккан, жарылуу болгон окуялар катталган. (RK)
Дагы караңыз
Ошто “Бойка” каймана аты бар Алмаз Абдукаримов кармалдыМосква: каза болгондор арасында кыргызстандыктар бар-жогу такталуудаСербиядагы митингде НАТОго каршы ураандар айтылдыМосквадагы кол салуу: Мигранттарды текшерүү күчөдү, шектүүлөр камалды