Сербиядагы митингде НАТОго каршы ураандар айтылды

Белград. 2024-жылдын 24-марты.

Сербияда ашкере оңчул саясий күчтөрдүн тарапташтары 24-мартта борбор калаа Белградда Югославиядагы 25 жыл мурдагы окуяга байланыштуу митинг өткөрүштү. Аны Орусиянын Украинага кол салуусун жактаган саясаты менен белгилүү «Элдик патрул» кыймылы уюштуруп, серб бийлигинин НАТО менен бардык байланышын, кызматташтыгын токтотууга чакырды.

"НАТО, Сербиядан кет!", "НАТО, Сербиядан колуңду тарт" деген ураандар айтылды.

Митингдин катышуучулары Орусияны колдогон, анын Украинадагы согушунун символуна айланган Z белгиси түшүрүлгөн желектерди, ураандарды көтөрүп турушту.

Акция Башкы штабдын мурдагы имаратынын жанында өттү. Бул имарат НАТОнун 25 жыл мурдагы бомбалоосунан талкаланган. Чабуул 11 апта уланып, 1200-2500 адамдын өмүрүн алган. Сербия мурда Югославиянын курамындагы өлкө болчу. (RK)

Дагы караңыз

Москвадагы кол салуу: Мигранттарды текшерүү күчөдү, шектүүлөр камалды Израил барымтадагыларды айырбаштоо сунушуна макул болгону кабарландыТИМ кыргызстандыктарды зарыл иш болбосо Орусияга барбай турууга чакырдыОшто “Бойка” каймана аты бар Алмаз Абдукаримов кармалды