Бишкекте кыз-келиндер арасында хоккей боюнча Азия жана Океания Кубогу өтүп жатат. 24-мартта мелдешин ачылуу аземи өтүп, бул күнү Кыргызстандын хоккей боюнча кыз-келиндер курама командасы Филиппин курама командасына 7:4 эсебинде жеңилди.
Мелдешке Кыргызстандын, Ирандын, Индиянын, Бириккен Араб Эмираттарынын жана Филиппиндин курама командалары катышып жатат. Турнир борбор калаадагы "Бишкек-Арена" спорт комплексинде өтүүдө.
24-мартта Иран жана Бириккен Араб Эмираттарынын кыз-келиндер курама командалары беттешип, 16:0 эсебинде ирандык кыздар жеңишке жетти.
25-мартта мелдештин экинчи туру өтөт.
Оюндардын убактысы:
16:30: Индия - Бириккен Араб Эмираттары;
20:00:Иран - Кыргызстан.
Кыз-келиндер арасында хоккей боюнча Азия жана Океания Кубогу Кыргызстанда биринчи ирет өтүп жатат. Мелдеш 30-мартта жыйынтыкталат. (GT)
Дагы караңыз
“Бишкекасфальтсервистин” кызматкерлери мэр менен жолугуштуМарт ыңкылабы: Кыргызстан кандай сабак алды? "Ош" базардын жанындагы соода борбордон чыккан өрт өчүрүлдү